Костюмду кантип бырыштырбай сумкага салуу керек?

        Ар дайым качан силер жолго чыгайын дегенде жаныңарга ала турган кийимдердин арасына костюм да кирет. Силер ойлоносуңар: Ал жерден бырышкан костюмду үттүктөй алмбы? Же болбосо үттүктү жаныма алсамбы? Же болбосо бырышкан костюм\көйнөк\галстук менен иштиктүү чогулушка бара берейинби?.  Ал суроону 89% чечүүгө бул жердеги маалымат жардам берет. Анда, костюмду сумкага салайлык: биринчиден пиджактан баштайлык.

Пиджак

1. Биринчиден чөнтөктөр бош экендигин текшергиле, анан пиджакты столдун үстүнө койгула. Жеңин түздөгүлө.


2. Жеңинин учу ийин менен тең келгендей кылып теңме-тең бүктогүлө. Бүгүлгөн жерлерге платочка койуп койгула.

3. Пиджакты ички бетинен алып, ичин сыртка каратып жакаларын түздөгүлө.

 
4. Узунунан бүктөгүлө, андан кийин туурасынан бүктөгүлө.

 
5.
Бүктөлгөн пиджакты пластикалык пакетке салгыла же болбосо колуңарга илип көтөрүп алгыла.

 

Шымдар

 

  Биринчиден чөнтөктөрдү текшерип көргүлө.Шымыңарды жиги боюнча столдун үстүнө койгула. Шымыңардын чөнтөгүн оодарып койгула.

 

1. Бир кол менен шымдын арткы бөлүгүн кармап, алдын бүктөгүлө, сүрөттө көрсөтүлгөндөй.  Бүктөлгөн шымды оодаргыла.

2. Шымдын түп жагынан 30 смди бүктөп алгыла да, бүктөлгөн жер шымдын бели менен туш келгендей кылып дагы бүктөгүлө. Бырышып калбас үчүн бүктөлгөн жерге тыкыс оролгон полотенца койуп койгула.

3. Эң негизги бүктөлө турган жерди – тизесин жакшыраак тегиздегиле да бүктөлгөн жерин төмөн каратып, кийимиңерди салыштыра бергиле.


Кийинкисин бүктөлгөн жерин жогору каратып, жана ушул сыяктуудай уланта бергиле.

Көйнөктөр

1. Үстүнкү топчулардан башка баардык топчуларды бирөөдөн кийин топчулагыла. Көйнөктүн артын жогору каратып столдун үстүнө койуп, түздөгүлө.

 
2. Көйнөктүн каптал жигинен кармап болжол менен 1/3 бөлүгүнө бүктөгүлө да жеңин түздөгүлө.

 
3. Биринчи бүгүмгө карата параллель болгондой кылып 45 градуста көйнөктүн жеңин бүктөгүлө.

 
4. Экинчи жагын ушул сыяктуу эле бүктөп, манжетти жапкандай кылып көйнөктүн ылдыйкы бурчун бүктөгүлө.

 
5. Акыркы бүктөө. Тең ортосунан.

 
6. Көйнөктү оодаргыла да, жакасын оңдоп койгула.

 

Галстуктар


1. Кагаз полотенцанын үстүнө галстуктун жоон учун төмөн каратып койгула.


2. Полотенцанын бүктөлгөн жагы менен жапкыла.


3. Галстуктун бош учун бүктөлгөн полотенцанын үстүнө койгула.


4,5,6 У.с. аягына чейин уланта бергиле.

 

Hosted by uCoz