Катталма байлам

      

   “Виктория” байламынын жакын туугандарынын бири, өзүнүн тыкан формасын бул байламды эки жолу байлоодон алат. Аны үйрөнүү анчалык деле кыйынчылыкты туудурбайт, бул байлам өзгөчө жеңил жана кыска эмес галстуктарга тура келет.

 

Байлоонун иреттүүлүгү.

Галстуктун жоон учун ичке учунун үстүнө солго каратып коёбуз.

Жоон учун солду карап тургандай кылып ичкесин каттайбыз.

Ичке учунун алдынан жоон учу оңду карагандай кылып алып өтөбүз.

Пайда болгон кулакчанын үстүнөн кайра солго алып өтөбүз.

Байламдын мойну аркылуу жоон учун тартып чыгарабыз.

Катталма кулакчадан чыгарып, байламды тартып, түздөйбүз, катталмасы көрүнгүдөй кылып.

Hosted by uCoz