Жөнөкөй байлам.

   Бул байлам жаңы үйрөнүп жаткандарга жана бүгүнкү күндө эң кеңири колдонулуучу байлам. Жөнөкөй байлам (Англиялык аталышы –Four-in-hand) – ичке байлам конис формасында болот. Сөзсүз түрдө 3 бурчтук түрүндө боло бербейт. Бул байлам баардык материалдарга жана ар кандай узундуктарга тура келе берет.

   

Байлоонун иреттүүлүгү.

Жоон учун ичке учунун үстү аркылуу солго багыттап коёбуз.

Анан анын астынан оңго алып өтөбүз.

Кайра ичкесинин үстүнөн солго алып өтөбүз.

Байламдын мойну аркылуу жогору тартып өтүп ...

пайда болгон кулакча аркылуу төмөн тартып өтөбүз.

Байламды тарт жана анын формасын келтир.

 

Hosted by uCoz