Фри стайл.

  Эң жөнөкөй байлам. Үйрөнүү кыйынчылыкты туудурбайт. Өз ичинен "Жөнөкөй байламга" да окшошуп кетет. Бул байлам жука галстуктар үчүн абдан  ыңгайлуу.

 

Байлоонун иреттүүлүгү.

Галстуктун калын учун ичке учунун үстүндө жатып солду карагандай кылып кайчылаштырабыз.

Жоон учун ичке учунун айланасында айлантып, оңго чынарып, байламдын моюну аркылуу солго өткөрөбүз.

Жоон учун кайра айлантып келип, оңго каратабыз.

Дагы байламдын моюну аркылуу өткөрүп,

Пайда болгон тешикче аркылуу төмөн тартабыз.

Байламды тартып, анан калыбына келтиребиз. Байлам даяр.

 

 

Hosted by uCoz