"Ники" же "Нью классик" байламы.

Бул байлам өтө оор эмес жана өтө узун эмес галстуктар үчүн абдан кооз көрүнөт. Байламдын негизинде чакан үч бурчтук пайда болот. Эгерде бул байлам менен байлооң келсе, көптөгөн тренеровкалар керек.

Байлоонун иреттүүлүгү.

Галстуктун жоон учун ичке учунун алдында калып, ички бети жогоруну карап тургандай кылып кайчылаштырабыз.

Жоон учун жогоруну көздөй бүгөбүз

Андан кийин байламдын мойну аркылуу оңго бурабыз.

Кайра жоон учун ичке учунун үстүнө коёбуз. Анда жоон учу солго карап калат,

Байламдын моюну аркылуу тартып келип, пайда болгон тешикче аркылуу төмөн түшүрөбүз.

Акырындык менен түздөп, көйнөктүн жакасына киргизебиз.

 

Hosted by uCoz