Майдалоо монеталарынын ролун аткарган 1 тыйын

номиналындагы кагаз жүзүндөгү акча белгилери

       

 

Банкноттор 90х70 мм өлчөмүндөгү ак кагазда даярдалган. Банкнотто кызыл түс басымдуурак кылат. Кагазга УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз, банкноттун үстүнкү жагын ээлеген "бүркүт" түрүндөгү суу белгисине ээ. Банкноттор офсеттик басма ыкмасында чыгарылган.

Банкноттун алдыңкы бетинин жогорку сол жак жана төмөнкү оң жак бурчунда 1 деген сандагы цифралык номинал берилген. Чок ортосунда - оюм-чийим айлананын ичинде, күндүн нурунун алкагында учуп бара жаткан бүркүттүн сүрөттөлүшү берилген. Айланада "Кыргыз Республикасы" жана "Бир тыйын" деген номиналдын сөз түрүндөгү жазуусу камтылган. Оюм-чийме айлананын ичинде "Кыргыз Республикасы" деген микротекст берилген. Бүркүттүн сүрөттөлүшүнүн оң жана сол жактарында өтмө регистр жайгаштырылган. Төмөнкү оң жак бурчунда кара боек менен банкноттун номери жана сериясы берилген. Серия бир цифрадан жана эки тамгадан, номер сегиз цифрадан турат.

Банкноттун арткы бетинин жогорку сол жана төмөнкү оң жак бурчунда банкноттун цифралык номиналы - 1 деген сан берилген. Чок ортосунда - оюм-чийимдин айланасында улуттук символикалардын (күн, түндүк) сүрөттөлүштөрү чагылдырылган. Айланада "Кыргыз Республикасы" жана "Бир тыйын" деген номиналдын сөз түрүндөгү жазуусу камтылган. Оюм-чиймеленген айлананын ичинде "Кыргыз Республикасы" деген микротекст жайгаштырылган. Бүркүттүн сүрөттөлүшүнүн оң жана сол жактарында өтмө регистр орун алган.

 

 

Майдалоо монеталарынын ролун аткарган 10 тыйын

номиналындагы кагаз жүзүндөгү акча белгилери

 

 

         

Банкноттор 90х70 мм өлчөмүндөгү ак кагазда даярдалган. Банкнотто жашыл түс басымдуурак кылат. Кагазга УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз, банкноттун үстүнкү жагын ээлеген "бүркүт" түрүндөгү суу белгисине ээ. Банкноттор офсеттик басма ыкмасында чыгарылган.

Банкноттун алдыңкы бетинин жогорку сол жак жана төмөнкү оң жак бурчунда 10 деген сандагы цифралык номинал берилген. Чок ортосунда - оюм-чийим айлананын ичинде, күндүн нурунун алкагында учуп бара жаткан бүркүттүн сүрөттөлүшү берилген. Айланада "Кыргыз Республикасы" жана "Он тыйын" деген номиналдын сөз түрүндөгү жазуусу камтылган. Оюм-чийме айлананын ичинде "Кыргыз Республикасы" деген микротекст берилген. Бүркүттүн сүрөттөлүшүнүн оң жана сол жактарында өтмө регистр жайгаштырылган. Төмөнкү оң жак бурчунда кара боек менен банкноттун номери жана сериясы берилген. Серия бир цифрадан жана эки тамгадан, номер сегиз цифрадан турат.

Банкноттун арткы бетинин жогорку сол жана төмөнкү оң жак бурчунда банкноттун цифралык номиналы - 10 деген сан берилген. Чок ортосунда - оюм-чийимдин айланасында улуттук символикалардын (күн, түндүк) сүрөттөлүштөрү чагылдырылган. Айланада "Кыргыз Республикасы" жана "Он тыйын" деген номиналдын сөз түрүндөгү жазуусу камтылган. Оюм-чиймеленген айлананын ичинде "Кыргыз Республикасы" деген микротекст жайгаштырылган. Бүркүттүн сүрөттөлүшүнүн оң жана сол жактарында өтмө регистр орун алган.

 

 

Майдалоо монеталарынын ролун аткарган 50 тыйын

номиналындагы кагаз жүзүндөгү акча белгилери

 

 

     

Банкноттор 90х70 мм өлчөмүндөгү ак кагазда даярдалган. Банкнотто көк түс басымдуурак кылат. Кагазга УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз, банкноттун үстүнкү жагын ээлеген "бүркүт" түрүндөгү суу белгисине ээ. Банкноттор офсеттик басма ыкмасында чыгарылган.

Банкноттун алдыңкы бетинин жогорку сол жак жана төмөнкү оң жак бурчунда 50 деген сандагы цифралык номинал берилген. Чок ортосунда - оюм-чийим айлананын ичинде, күндүн нурунун алкагында учуп бара жаткан бүркүттүн сүрөттөлүшү берилген. Айланада "Кыргыз Республикасы" жана "Элүү тыйын" деген номиналдын сөз түрүндөгү жазуусу камтылган. Оюм-чийме айлананын ичинде"Кыргыз Республикасы" деген микротекст берилген. Бүркүттүн сүрөттөлүшүнүн оң жана сол жактарында өтмө регистр жайгаштырылган. Төмөнкү оң жак бурчунда кара боек менен банкноттун номери жана сериясы берилген. Серия бир цифрадан жана эки тамгадан, номер сегиз цифрадан турат.

Банкноттун арткы бетинин жогорку сол жана төмөнкү оң жак бурчунда банкноттун цифралык номиналы - 50 деген сан берилген. Чок ортосунда - оюм-чийимдин айланасында улуттук символикалардын (күн, түндүк) сүрөттөлүштөрү чагылдырылган. Айланада "Кыргыз Республикасы" жана "Элүү тыйын" деген номиналдын сөз түрүндөгү жазуусу камтылган. Оюм-чиймеленген айлананын жээктерине "Кыргыз Республикасы" деген микротекст жайгаштырылган. Бүркүттүн сүрөттөлүшүнүн оң жана сол жактарында өтмө регистр орун алган.

 

1 сом номиналындагы банкноттор

Номинал (сом)

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы

Өлчөмү (мм)

Түсү

1

10.05.1993

140х70

Кызыл

1

11.04.1994

135х65

Сары-күрөң

1

07.02.2000

120х60

Саргылтым-жашыл

1993-жылдагы үлгүдөгү 1 сом номиналындагы банкноттор 140х70 мм өлчөмүндөгү ак кагазда басылган. Банкнотто кызыл түс басымдуурак кылат. Кагазга УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз, банкноттун үстүнкү жагын ээлеген "бүркүт" түрүндөгү суу белгисине ээ. Банкноттор офсеттик басма ыкмасында чыгарылган.

Банкноттун алдыңкы бетинин жогорку жагында "КЫРГЫЗСТАН БАНКЫ" деген текст жана цифрасы менен "1 СОМ" деген жазуу берилген. Чок ортосунун сол тарабында өтмө регистр жана улуттук орнамент: оң тарабында - Манас элдик эпосундагы баатырдын айкелинин сүрөттөлүшү жайгаштырылган. Төмөнкү тарабында "1" деген цифра; "БИР СОМ" деген текст: кара боек менен аткарылган бакноттун сериясы жана номери камтылган. Банкноттун сериясы бир цифрадан жана эки тамгадан, номери - сегиз цифрадан турат. Купондук ак тилкеде Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы коюлган .

Банкноттун арткы бетинин жогору жагында "1 СОМ" деген цифра жана "КЫРГЫЗСТАН БАНКЫ" деген жазуу орун алган. Чок ортосунда Манастын Күмбөзү (XIV к.) берилген, туурасынан жайгаштырылган орнаменталдык тилкеде "КЫРГЫЗСТАН БАНКЫ" деген микротекст камтылган. Жогорку оң тарабында өтмө регистр орун алган. Төмөнкү тарабында - "БИР СОМ 1" деген текст берилген.

1994-жылдагы үлгүдөгү 1 сом номиналындагы банкноттор135х65 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто сары-күрөң түс басымдуурак кылат. Банкнот үч тарабында 4 мм кеңдиктен турган ак тилкеге ээ. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз, акын Токтогул Сатылгановдун элеси түшүрүлгөн локалдуу суу белгисине ээ. Банкнотту жарыкка салып кароодо көрүнүүчү "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микротексттүү коргоо тилкеси узунунан жайгаштырылган. Банкнот офсеттик басма ыкмасында аткарылган.

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы; банкноттун номиналы "1" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда улуттук оюм-чийимдерде банкноттун цифралык номиналы; оң тарабында - кыргыздын тунгуч композитору жана аткаруучусу Абдылас Малдыбаевдин элеси жана "АБДЫЛАС" деген жазуу орун алган. Төмөнкү тарабында "1" деген цифра; "БИР СОМ" деген жазуу берилген. Төмөнкү жагынын сол тарабында эллипс формасындагы өтмө регистр камтылган. Оң тарабында туурасынан жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси орун алган .

Банкноттун арткы бетинин жогору жагында кызыл боекто басылган сериялык номер, "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана "1" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Кыргыз Мамлекеттик филармониясынын чегинде кыргыз улуттук аспаптарынын: комуз жана кыл-кыяктын сүрөттөлүштөрү берилген. Төмөнкү тарабында - кара боекто басылган сериялык номер орун алган. Сол тарабында, туурасынан жайгаштырылган оюм-чийим тилкесинде "1" деген цифра жана "БИР СОМ" деген микротекст жайгаштырылган .

 

2000-жылдагы чыгарылган 1 сом номиналындагы банкноттор 120х60 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто саргылтым жашыл түс басымдуурак кылат. Кагаз локалдуу суу белгисине, банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган кайталануучу элеске ээ. Банкнотту жарыкка салып кароодо байкалуучу "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микротексттүү коргоо тилкеси тигинен жайгаштырылган. Тилкелүү код банкноттун сол жана оң тараптарынын чет жагында орун алган.

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст; кызыл боекто басылган банкноттун сериясы жана номери; Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы берилген. Чок ортосунда оюм-чийимдин ортосунда "1" деген цифра байкалат, анын оң тарабында кыргыздын белгилүү композитору Абдылас Малдыбаевдин элеси жана "АБДЫЛАС МАЛДЫБАЕВ (1906-1978)" деген текст жайгаштырылган. Төмөн тарабында "1" деген цифра; "БИР СОМ" деген текст; көзү начар көргөн адамдар үчүн геометриялык фигура түрүндөгү шарттуу белги; эллипс формасындагы өтмө регистр; кара боекто басылган банкноттун сериялык номери жана банкноттун чет жагы боюнча тигинен жайгаштырылган оюм-чийим берилген .

Банкноттун арткы бетинин жогорку тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана "1" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Бишкек шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик филармониясынын чегинде кыргыз улуттук аспаптарынын: комуз жана кыл кыяктын сүрөттөлүштөрү берилген. Төмөнкү жагынын оң тарабында жылы "1999" көрсөтүлгөн. Сол тарабында, тигинен жайгаштырылган оюм-чийимдик тилкеде "1" деген цифра жана "БИР СОМ" деген текст орун алган .

2000-жылы 3-чыгарылыштагы 1 сом номиналындагы

банкноттун өзгөчө белгилери

5 сом номиналындагы банкноттор

Номинал (сом)

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы

Өлчөмү

(мм)

Түсү

5

10.05.1993

140х70

Жашыл

5

11.04.1994

135х65

Каралжын-көк

5

17.12.1997

135х65

Каралжын-көк

1993-жылдагы үлгүдөгү 5 сом номиналындагы банкноттор 140х70 мм өлчөмүндөгү ак кагазда басылган. Банкнотто жашыл түс басымдуурак кылат. Кагазга УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз, банкноттун үстүнкү жагын ээлеген "бүркүт" түрүндөгү суу белгисине ээ. Банкноттор офсеттик басма ыкмасында чыгарылган.

Банкноттун алдыңкы бетинин жогорку жагында "КЫРГЫЗСТАН БАНКЫ" деген текст жана цифрасы менен "5 СОМ" деген жазуу берилген. Чок ортосунун сол тарабында өтмө регистр жана улуттук орнамент: оң тарабында - Манас элдик эпосундагы баатырдын айкелинин сүрөттөлүшү жайгаштырылган. Төмөнкү тарабында "5" деген цифра; "БЕШ СОМ" деген текст: кара боек менен аткарылган банкноттун сериясы жана номери камтылган. Банкноттун сериясы бир цифрадан жана эки тамгадан, номери - сегиз цифрадан турат. Купондук ак тилкеде Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы коюлган .

Банкноттун арткы бетинин жогору жагында "5 СОМ" деген цифра жана "КЫРГЫЗСТАН БАНКЫ" деген жазуу орун алган. Чок ортосунда Манастын Күмбөзү (XIV к.) берилген, туурасынан жайгаштырылган орнаменталдык тилкеде "КЫРГЫЗСТАН БАНКЫ" деген микротекст камтылган. Жогорку оң тарабында өтмө регистр орун алган. Төмөнкү тарабында - "БЕШ СОМ 5" деген текст берилген.

 

1994-жылдагы үлгүдөгү 5 сом номиналындагы банкноттор 135х65 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто каралжын-көк түс басымдуурак кылат. Банкнот үч тарабында 4 мм кеңдиктен турган ак тилкеге ээ. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз, акын Токтогул Сатылгановдун элеси түшүрүлгөн локалдуу суу белгисине ээ. Банкнотту жарыкка салып кароодо көрүнүүчү "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микротексттүү коргоо тилкеси узунунан жайгаштырылган. Банкнота офсеттик басма ыкмасында аткарылган.

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы; банкноттун номиналы "5" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда улуттук оюм-чийимдерде банкноттун цифралык номиналы; оң тарабында - кыргыз балетинин негиздөөчүсү Бүбүсара Бейшеналиеванын элеси жана "БҮБҮСАРА" деген жазуу орун алган. Төмөнкү тарабында "5" деген цифра; "БЕШ СОМ" деген жазуу берилген. Төмөнкү жагынын сол тарабында эллипс формасындагы өтмө регистр камтылган. Оң тарабында туурасынан жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси орун алган .

Банкноттун арткы бетинин жогору жагында кызыл боекто басылган сериялык номер, "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана "5" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Кыргыз Мамлекеттик Академиялык опера жана балет театрынын сүрөттөлүшү берилген. Төмөнкү тарабында - кара боекто басылган сериялык номер орун алган. Сол тарабында, туурасынан жайгаштырылган оюм-чийим тилкесинде "5" деген цифра жана "БЕШ СОМ" деген микротекст жайгаштырылган .

1997-жылдагы үлгүдөгү 5 сом номиналындагы банкноттор 135х65 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто каралжын-көк түс басымдуурак кылат. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз локалдуу суу белгисине, банкноттун алдынкы бетинде чагылдырылган кайталануучу элеске ээ. Банкнотту жарыкка салып кароодо байкалуучу "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микротексттүү коргоо тилкеси көзөнөкчө түрүндө жайгаштырылган.

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы жогорулатылган рельефтүү ыкмада; кызыл боекто басылган банкноттун сериясы жана номери; ошондой эле оң тарабында "5" деген цифра берилген. Чок ортосунда күмүш боек менен аткарылган оюм-чийимдин ортосунда "5" деген цифра, кыргыз балетин негиздөөчүлөрдүн бири Бүбүсара Бейшеналиеванын элеси жана "БҮБҮСАРА (1926-1973)" деген текст жайгаштырылган. Банкноттогу элес жана жазуулар колго салып сыдырып көрүүдө бодуракай болуп турат. Көзү начар көргөн адамдар үчүн жогорку рельефтүү геометриялык фигура түрүндөгү шарттуу белги ак купондук тилкеде берилген. Оң тарабында кара боекто басылган, цифралардын өлчөмү жогорудан төмөн карай өскөн банкноттун сериялык номери берилген. Төмөнкү тарабында "5" деген үзгүлтүксүз сандардан турган "5" деген цифра; "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифттин тилкеси менен баса көрсөтүлгөн "БЕШ СОМ" деген текст жана оюм-чийим түрүндөгү өтмө регистр берилген .

Банкноттун арткы бетинин жогорку тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифтти камтыган "5" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Кыргыз Мамлекеттик Академиялык опера жана балет театрынын сүрөттөлүшү берилген. Сүрөттөлүштүк сетканы түзгөн оюм-чийимде банкноттун номиналын көрсөткөн "БЕШ СОМ" микрошрифт орун алган. Сол тарабында, тигинен жайгаштырылган оюм-чийимдик тилкеде "5" деген цифра жана "БЕШ СОМ" деген текст; оң тарабында өтмө регистр жана банкноттун чыккан жылы "1997" орун алган .

 

10 сом номиналындагы банкноттор

Номинал (сом)

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы

Өлчөмү

(мм)

Түсү

10

28.01.1994

135х65

Кочкул-жашыл

10

17.12.1997

135х65

Кочкул-жашыл

1994-жылдагы үлгүдөгү 10 сом номиналындагы банкноттор 135х65 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто кочкул-жашыл түс басымдуурак кылат. Банкнота үч тарабында 4 мм кеңдиктен турган ак тилкеге ээ. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз, акын Токтогул Сатылгановдун элеси түшүрүлгөн локалдуу суу белгисине ээ. Банкнотту жарыкка салып кароодо көрүнүүчү "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микротексттүү коргоо тилкеси узунунан жайгаштырылган. Банкнота офсеттик басма ыкмасында аткарылган.

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы; банкноттун номиналы "10" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда улуттук оюм-чийимдерде банкноттун цифралык номиналы; оң тарабында - кыргыздын алгачкы профессору, кыргыз тили боюнчи биринчи китептердин автору, кыргыз жазуу адабиятынын негиздөөчүсү Касым Тыныстановдун элеси жана "КАСЫМ" деген жазуу орун алган. Төмөнкү тарабында "10" деген цифра; "ОН СОМ" деген жазуу; оюм-чийим формасындагы өтмө регистр камтылган. Оң тарабында туурасынан жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси орун алган .

Банкноттун арткы бетинин жогору жагында кызыл боекто басылган сериялык номер, "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана "10" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Кыргызстандын тоо кыркалары жана Жети-Өгүз коктусунун сүрөттөлүштөрү берилген. Төмөнкү жагынын оң тарабында - кара боекто басылган сериялык номер орун алган. Сол тарабында, туурасынан жайгаштырылган оюм-чийим тилкесинде "10" деген цифра жана "OН СОМ" деген микротекст жайгаштырылган .

1997-жылдагы чыгарылган 10 сом номиналындагы банкноттор 135х65 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто кочкул-жашыл түс басымдуурак кылат. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз локалдуу суу белгисине, банкноттун алдынкы бетинде чагылдырылган кайталануучу элеске ээ. Банкнотту жарыкка салып кароодо байкалуучу "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микротексттүү коргоо тилкеси көзөнөкчө түрүндө жайгаштырылган.

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы жогорулатылган рельефтүү ыкмада; кызыл боекто басылган банкноттун сериясы жана номери; "10" деген цифра берилген. Чок ортосунда күмүш боек менен аткарылган оюм-чийимдин ортосунда "10" деген цифра, кыргыздын алгачкы профессору, кыргыз тили боюнчи биринчи китептердин автору, кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүсү Касым Тыныстановдун элеси жана "КАСЫМ (1901-1938)" деген текст жайгаштырылган. Банкноттогу элес жана жазуулар колго салып сыдырып көрүүдө бодуракай болуп турат. Көзү начар көргөн адамдар үчүн жогорку рельефтүү геометриялык фигура түрүндөгү шарттуу белги ак купондук тилкеде берилген. Оң тарабында кара боекто басылган, цифралардын өлчөмү жогорудан төмөн карай өскөн банкноттун сериялык номери берилген. Төмөнкү тарабында "10" деген үзгүлтүксүз сандардан турган "10" деген цифра; "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифттин тилкеси менен баса көрсөтүлгөн "ОН СОМ" деген текст жана оюм-чийим түрүндөгү өтмө регистр берилген .

Банкноттун арткы бетинин жогорку тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифтти камтыган "10" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Кыргызстан тоолорунун жана Жети-Өгүз коктусунун сүрөттөлүштөрү берилген. Сүрөттөлүштүк сетканы түзгөн оюм-чийимде банкноттун номиналын көрсөткөн "ОН СОМ" микрошрифт орун алган. Сол тарабында, тигинен жайгаштырылган оюм-чийимдик тилкеде "10" деген цифра жана "ОН СОМ" деген текст; оң тарабында өтмө регистр жана банкноттун чыккан жылы "1997" орун алган .

 

20 сом номиналындагы банкноттор

Номинал (сом)

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы

Өлчөмү

(мм)

Түсү

20

10.05.1993

140х70

Көк

20

11.04.1994

135х65

Кызгылтым сары

20

15.08.2002

135х65

Кызгылтым-күрөң

1993-жылдагы үлгүдөгү 20 сом номиналындагы банкноттор 140х70 мм өлчөмүндөгү ак кагазда басылган. Банкнотто көк түс басымдуурак кылат. Кагазга УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз, банкноттун үстүнкү жагын ээлеген "бүркүт" түрүндөгү суу белгисине ээ. Банкноттор офсеттик басма ыкмасында чыгарылган.

Банкноттун алдыңкы бетинин жогорку жагында "КЫРГЫЗСТАН БАНКЫ" деген текст жана цифрасы менен "20 СОМ" деген жазуу берилген. Чок ортосунун сол тарабында өтмө регистр жана улуттук орнамент: оң тарабында - Манас элдик эпосундагы баатырдын айкелинин сүрөттөлүшү жайгаштырылган. Төмөнкү тарабында "20" деген цифра; "ЖЫЙЫРМА СОМ" деген текст: кара боек менен аткарылган банкноттун сериясы жана номери камтылган. Банкноттун сериясы бир цифрадан жана эки тамгадан, номери - сегиз цифрадан турат. Купондук ак тилкеде Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы коюлган .

Банкноттун арткы бетинин жогору жагында "20 СОМ" деген цифра жана "КЫРГЫЗСТАН БАНКЫ" деген жазуу орун алган. Чок ортосунда Манастын Күмбөзү (XIV к.) берилген, туурасынан жайгаштырылган орнаменталдык тилкеде "КЫРГЫЗСТАН БАНКЫ" деген микротекст камтылган. Жогорку оң тарабында өтмө регистр орун алган. Төмөнкү тарабында - "ЖЫЙЫРМА СОМ 20" деген текст берилген.

 

1994-жылдагы үлгүдөгү 20 сом номиналындагы банкноттор 135х65 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто кызгылтым-сары түс басымдуурак кылат. Банкнот үч тарабында 4 мм кеңдиктен турган ак тилкеге ээ. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз, акын Токтогул Сатылгановдун элеси түшүрүлгөн локалдуу суу белгисине ээ. Банкнотту жарыкка салып кароодо көрүнүүчү "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микротексттүү коргоо тилкеси узунунан жайгаштырылган.

Банкноттун алдынкы бетинин жогору жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы; банкноттун номиналы "20" деген цифра жогорулатылган рельефтүү ыкмада жайгаштырылган. Чок ортосунда улуттук оюм-чийимдерде банкноттун цифралык номиналы; оң тарабында - жазма-акын, акын, агартуучу Тоголок Молдонун элеси жана "ТОГОЛОК МОЛДО" деген жазуу орун алган. Элестин оң тарабынан төмөнкү жагында жарыкка салып кароодо байкалуучу банкноттун номиналын билдирген "20" деген цифра көмүскөдө жайгаштырылган. Төмөнкү тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифт менен баса көрсөтүлгөн "20" деген үзгүлтүксүз цифраларды камтыган "20" деген цифра жана "ЖЫЙЫРМА СОМ" деген жазуу жана өтмө регистр камтылган. Оң тарабында туурасынан жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси орун алган .

Банкноттун арткы бетинин жогору жагында кызыл боекто басылган сериялык номер, "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуусу менен баса белгиленген "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана "20" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Манастын Күмбөзүнүн (ХVI к.) сүрөттөлүшү берилген. Төмөнкү тарабында - кара боекто басылган сериялык номер орун алган. Сол тарабында, туурасынан жайгаштырылган оюм-чийим тилкесинде "ЖЫЙЫРМА СОМ" деген микротекст жайгаштырылган .

2002-жылдагы чыгарылган 20 сом номиналындагы банкноттор 135х65 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто кызгылтым-күрөң түс басымдуурак кылат. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз локалдуу суу белгисине, банкноттун алдынкы бетинде чагылдырылган кайталануучу элеске жана банкноттун номиналы түрүндөгү суу белгисине ээ. Банкнотту жарыкка салып кароодо байкалуучу "20 СОМ" деген микротексттүү коргоо тилкеси көзөнөкчө түрүндө жайгаштырылган. Тилкелүү код банкоттун чет жактары боюнча оң жана сол тараптарында берилген.

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы; көзү начар көргөн адамдар үчүн штрихтик белги; "20" деген үзгүлтүксүз микрошрифтти камтыган "20" деген цифра жогорулатылган рельефтүү ыкмада; ошондой эле кызыл боекто басылган банкноттун сериясы жана номери берилген. Чок ортосунда алтын боек менен аткарылган оюм-чийимдин ортосунда "20" деген цифра; оюм-чийим формасындагы өтмө регистр; ак тилкеде көзү начар көргөн адамдар үчүн жогорку рельефте аткарылган шарттуу белги; жазма акын, акын, агартуучу Тоголок Молдонун элеси жана "ТОГОЛОК МОЛДО (1860-1942)" деген текст жайгаштырылган. Төмөнкү тарабында "20" деген үзгүлтүксүз сандардан турган "20" деген цифра; "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифттин тилкеси менен баса көрсөтүлгөн "ЖЫЙЫРМА СОМ" деген текст камтылган. Оң тарабында кара боекто аткарылган банкноттун сериялык номери (цифралардын өлчөмү жогорудан төмөн карай өсөт), ошондой эле тигинен жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси орун алган. Төмөнкү жагынын оң тарабында тик бурчтуктукта "20" деген цифралык номинал көмүскөдө берилген, жарыкка салып кароодо даана көрүнөт .

Банкноттун арткы бетинин жогорку тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана номиналды билдирген "20" деген цифралык микрошрифтти камтыган "20" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Манастын Күмбөзүнүн (XVI к.) сүрөттөлүшү, ал эми оң тарабында оюм-чийим түрүндөгү өтмө регистр берилген. Сүрөттөлүштүк сетканы түзгөн оюм-чийимдин оң тарабында банкноттун номиналын көрсөткөн "ЖЫЙЫРМА СОМ" микрошрифт жана тигинен жайгаштырылган оюм-чийимдик тилке орун алган. Төмөнкү жагында "20" деген цифралык номинал; "ЖЫЙЫРМА СОМ" деген жазуу жана банкноттун чыккан жылы "2002" орун алган .

  

50 сом номиналындагы банкноттор

Номинал (сом)

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы

Өлчөмү

(мм)

Түсү

50

29.08.1994

135х65

Сыя-кызыл

50

15.08.2002

145х70

Сыя-кызыл

1994-жылдагы үлгүдөгү 50 сом номиналындагы банкноттор 135х65 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто сыя-кызыл түс басымдуурак кылат. Банкнот үч тарабында 4 мм кеңдиктен турган ак тилкеге ээ. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз, акын Токтогул Сатылгановдун элеси түшүрүлгөн локалдуу суу белгисине ээ. Банкнотаны жарыкка салып кароодо көрүнүүчү "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микротексттүү коргоо тилкеси узунунан жайгаштырылган.

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы жана "50" деген цифра жогорулатылган рельефтик ыкмада жайгаштырылган. Чок ортосунда улуттук оюм-чийимдерде банкноттун цифралык номиналы; оң тарабында - кыргыз элинин белгилүү мамлекеттик ишмери, "Алай ханышасы" деген аттын алдында белгилүү болгон Курманжан Датканын элеси жана "КУРМАНЖАН ДАТКА" деген жазуу орун алган. Төмөнкү тарабында "50" деген үзгүлтүксүз сандардагы микроширифтти камтыган "50" деген цифра; "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифт менен баса көрсөтүлгөн "ЭЛҮҮ СОМ" деген текст жана көөкөр формасындагы өтмө регистр берилген. Оң тарабында тигинен жайгаштырылган оюм-чийимдик тилке камтылган. Төмөнкү жагында рельефтик сүрөттөлүштү камтыган бозомук жашыл тик бурчтук жайгаштырылган. Аны ар кайсыл бурчка салып кароодо көмүскөдө жайгаштырылган "50" деген цифралык номиналды байкаса болот .

Банкноттун арткы бетинин жогору жагында кызыл боекто аткарылган сериялык номер, "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу менен баса көрсөтүлгөн "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу жана "50" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Өзгөн архитектуралык комплекси 11-12 кк. жана өтмө регистр берилген. Төмөнкү тарабында - "50" деген сан жана кара боекто басылган сериялык номери орун алган. Сол тарабында тигинен жайгаштырылган оюм-чийимде "ЭЛҮҮ СОМ" деген текст жайгаштырылган .

 

2002-жылдагы чыгарылган 50 сом номиналындагы банкноттор 145х70 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто сыя-кызыл түс басымдуурак кылат. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз локалдуу суу белгисине, банкноттун алдынкы бетинде чагылдырылган кайталануучу элеске жана банкноттун номиналы түрүндөгү суу белгисине ээ. Банкнотту жарыкка салып кароодо байкалуучу "ЭЛҮҮ СОМ" деген микротексттүү коргоо тилкеси көзөнөкчө түрүндө жайгаштырылган. Тилкелүү код банкоттун чет жактары боюнча оң жана сол тараптарында берилген.

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы; көзү начар көргөн адамдар үчүн эки штрихтик белги жана "50" деген үзгүлтүксүз микрошрифтти камтыган "50" деген цифра жогорулатылган рельефтик ыкмада; ошондой эле кызыл боекто басылган банкноттун сериясы жана номери берилген. Чок ортосунда, оюум-чийимде "50" деген номинал чегилип аткарылган; оюм-чийим формасындагы өтмө регистр; кыргыздын белгилүү мамлекеттик ишмери, "Алай Ханышасы" деген аттын алдында кеңири таанымал болгон Курманжан Датканын элеси жана "КУРМАНЖАН ДАТКА (1811-1907)" деген текст жайгаштырылган. Ак купондук тилкеде көзү начар көргөн адамдар үчүн жогорку рельефте аткарылган геометриялык шарттуу белги берилген. Төмөнкү тарабында "50" деген үзгүлтүксүз сандардан турган "50" деген цифра; "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифттин тилкеси менен баса көрсөтүлгөн "ЭЛҮҮ СОМ" деген текст камтылган. Оң тарабында кара боекто аткарылган банкноттун сериялык номери, цифралардын өлчөмү жогорудан төмөн карай өсөт, ошондой эле тигинен жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси орун алган. Төмөнкү жагынын оң тарабында улуттук оюм-чийим рельефин камтыган тик бурчтуктук берилген. Эгерде, аны ар кайсы бурчтан жарыкка салып караса көмүскөдө берилген "50" деген цифралык номинал даана көрүнөт .

Банкноттун арткы бетинин жогорку тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана номиналды билдирген "50" деген цифралык микрошрифтти камтыган "50" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Өзгөн архитектуралык комплекси 11-12 кк. сүрөттөлгөн жана оюм-чийим формасындагы өтмө регистр берилген. Оң тарабында тигинен жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси камтылган. Сүрөттөлүштүк сетканы түзгөн оюм-чийменин оң тарабында банкноттун номиналын көрсөткөн "ЭЛҮҮ СОМ" микрошрифт орун алган. Банкноттун төмөнкү сол жак тарабында седеп түстүү боек менен аткарылган улуттук орнамент түрүндөгү иридесценттик элемент берилген. Төмөнкү жагында "50" деген цифралык номинал; "ЭЛҮҮ СОМ" деген жазуу жана банкноттун чыккан жылы "2002" орун алган .

 

200 сом номиналындагы банкноттор

Номинал (сом)

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы

Өлчөмү

(мм)

Түсү

200

28.08.2000

155х74

Сары

200

02.08.2004

155х74

Сары

2000-жылдагы чыгарылган 200 сом номиналындагы банкноттор 155х74мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто сары түс басымдуурак кылат. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз локалдуу суу белгисине, банкноттун алдынкы бетинде чагылдырылган кайталануучу элеске жана банкноттун номиналы түрүндөгү суу белгисине ээ. Кагазга "200" деген микротексттүү коргоо тилкеси көзөнөкчө түрүндө жайгаштырылган. Тилкелүү код банкоттун чет жактары боюнча оң жана сол тараптарында берилген.

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы; көзү начар көргөн адамдар үчүн кыйгачынан жайгаштырылган үч штрихтик белги жана "200" деген үзгүлтүксүз микрошрифтти камтыган "200" деген цифра жогорулатылган рельефтик ыкмада; ошондой эле кызыл боекто басылган банкноттун сериясы жана номери берилген. Анын жанында "200" деген цифралык номиналдын рельефтик сүрөттөлүшүндө ромб формасындагы алтын түстөгү фольга орун алган. Фольга рельефтик басмада аткарылган купюранын номиналын жана жана штрихтик тилкелерди камтыйт.

Чок ортосунда, оюум-чийимдин ичинде чегилип аткарылган "200" номиналынын чагылышы; оюм-чийим формасындагы өтмө регистр; ХХ кылымда жашаган, кыргыз акыны, драматург Алыкул Осмоновдун элеси жана "АЛЫКУЛ ОСМОНОВ (1915-1950)" деген текст жайгаштырылган. Ак купондук тилкеде көзү начар көргөн адамдар үчүн жогорку рельефте аткарылган геометриялык шарттуу белги берилген. Төмөнкү тарабында "200" деген үзгүлтүксүз сандардан турган "200" деген цифра; "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифттин тилкеси менен баса көрсөтүлгөн "ЭКИ ЖҮЗ СОМ" деген текст камтылган. Оң тарабында кара боекто аткарылган банкноттун сериялык номери (цифралардын өлчөмү жогорудан төмөн карай өсөт), ошондой эле тигинен жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси орун алган. Төмөнкү жагынын оң тарабында улуттук оюм-чийимдин рельефтик сүрөттөлүштү камтыган тик бурчтук берилген. Эгерде, аны ар кайсы бурчтан жарыкка салып караса көмүскөдө берилген "200" деген цифралык номинал даана көрүнөт.

Банкноттун арткы бетинин жогорку тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана номиналды билдирген "200" деген цифралык микрошрифтти камтыган "200" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Ысык-Көл көлүнүн сүрөттөлүшү, банкноттун жогорку сол жак бурчунда акын А.Осмоновдун Ысык-Көлгө арнаган ыры берилген. Оң тарабында парусник (жел кеме) түрүндөгү өтмө регистр орун алган. Сүрөттөлүштүк сетканы түзгөн оюм-чийменин оң тарабында банкноттун номиналын көрсөткөн "ЭКИ ЖҮЗ СОМ" деген микрошрифт камтылган. Төмөнкү тарабында "200" деген цифралык номинал жана банкноттун чыгарылган жылы "2000" берилген. Банкноттун сол жак бөлүгүндө улуттук оюм-чийим жана иридесценттик боек менен аткарылган "200" деген цифралык номинал орун алган.

2004-жылдагы чыгарылган 200 сомдун айырмаланган белгилери

Банкноттун арткы бетинин жогорку бөлүгүндө Алыкул Осмоновдун Ысыккөлгө арналып жазылган "Жеңишбек" поэмасынан ыр саптары, акындын кол жазмасында берилген. Жаңы банкноттун чыгарылган жылы (2004) анын арткы бетинде жайгаштырылган.

500 сом номиналындагы банкноттор

Номинал (сом)

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы

Өлчөмү

(мм)

Түсү

500

28.08.2000

160х76

Күлгүн

500

01.11.2005

160х76

Күлгүн

2000-жылдагы чыгарылган 500 сом 2000-жылдагы чыгарылган 500 сом номиналындагы банкноттор 160х76 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто күлгүн түс басымдуурак кылат. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз локалдуу суу белгисине, банкноттун алдынкы бетинде чагылдырылган кайталануучу элеске жана банкноттун номиналы түрүндөгү суу белгисине ээ. Банкнот көзөнөкчө түрүндө жайгаштырылган "500" деген микротексттүү коргоо тилкесине жана оюм-чийимге ээ. Тилкелүү код банкноттун чет жактары боюнча оң жана сол тараптарында берилген.

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы; көзү начар көргөн адамдар үчүн кыйгачынан жайгаштырылган төрт штрихтик белги жана "500" деген үзгүлтүксүз микрошрифтти камтыган "500" деген цифра жогорулатылган рельефтик ыкмада; ошондой эле кызыл боекто басылган банкноттун сериясы жана номери берилген. Анын жанында бүркүттүн сүрөттөлүшү түрүндөгү жана "500" деген цифралык номиналдагы голограмма орун алган. Голограмманын сюжети - улуттук оюм-чийим, "500" деген цифралык номинал жана кыргыз валютасынын эл аралык коду (KGS).

Чок ортосунда, оюм-чийимдин ичинде чегилип аткарылган "500" номиналынын чагылышы; оюм-чийим формасындагы өтмө регистр; кыргыздын залкар манасчысы Саякбай Каралаевдын элеси (анын айтуусу боюнча "Манас", "Семетей", "Сейтек" трилогиясынын толук варианттары жазылып алынган), жана "САЯКБАЙ КАРАЛАЕВ (1894-1971)- деген текст жайгаштырылган. Ак купондук тилкеде көзү начар көргөн адамдар үчүн жогорку рельефте аткарылган шарттуу белги берилген. Төмөнкү тарабында "500" деген үзгүлтүксүз сандардан турган "500" деген цифра; "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифттин тилкеси менен баса көрсөтүлгөн "БЕШ ЖҮЗ СОМ" деген текст камтылган. Оң тарабында кара боекто аткарылган банкноттун сериялык номери (цифралардын өлчөмү жогорудан төмөн карай өсөт), ошондой эле тигинен жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси орун алган. Төмөнкү жагынын оң тарабында улуттук оюм-чийимдин рельефтик сүрөттөлүшүн камтыган тик бурчтук берилген. Эгерде, аны ар кайсы бурчтан жарыкка салып караса көмүскөдө берилген "500" деген цифралык номинал даана көрүнөт.

Банкноттун арткы бетинин жогорку тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана номиналды билдирген "500" деген цифралык микрошрифтти камтыган "500" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда манасчынын айкели жана "Манас" эпосунан сүрөттөлүштөр берилген. Оң тарабында үч бурчтук түрүндөгү өтмө регистр орун алган. Сүрөттөлүштүк сетканы түзгөн оюм-чийменин оң тарабында банкноттун номиналын көрсөткөн "БЕШ ЖҮЗ СОМ" деген микрошрифт камтылган. Төмөнкү тарабында "500" деген цифралык номинал жана банкноттун чыгарылган жылы "2000" берилген. Банкноттун сол жак бөлүгүндө улуттук оюм-чийим жана иридесценттик боек менен аткарылган "500" деген цифралык номинал орун алган.

2005-жылы чыгарылган 500 сом банкнотунун айырмалануучу белгилери

 2005-жылы чыгарылган 500 сом наркындагы банкноттор банкноттун узак мөөнөткө колдонулушуна өбөлгө түзгөн бир кыйла өркүндөтүлгөн техникалык мүнөзгө ээ:

- банкноттук негиз катары кагаздын бат кирдеп калбай турган сапатын жогорулатуу үчүн тез эскирип калбоо жана атайын коргоо касиети боюнча мыкты сапаттагы пахтадан жасалган банкноттук кагаз пайдаланылат.

- банкноттун бышык болуучу касиетин жогорулатуу үчүн банкноттордун бурчу атайын иштелип чыккан Cornеrstone элементтеринин жардамы менен күчөтүлгөн;

- голограммалардын тышкы таасирлерге карата туруктуулугун жакшыртуу үчүн чаралар кабыл алынган;

- банкноттун арткы бетинде 2005-жылы чыгарылгандыгы көрсөтүлгөн.

 

1000 сом номиналындагы банкноттор

Номинал (сом)

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы

Өлчөмү

(мм)

Түсү

1000

28.08.2000

165х78

Бозомук жашыл

2000-жылдагы чыгарылган 1000 сом номиналындагы банкноттор 165х78 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто бозомук жашыл түс басымдуурак кылат. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз локалдуу суу белгисине, банкноттун алдынкы бетинде чагылдырылган кайталануучу элеске жана банкноттун номиналы түрүндөгү суу белгисине ээ. Банкнот көзөнөкчө түрүндө жайгаштырылган "1000" деген микротексттүү коргоо тилкесине жана оюм-чийимге ээ. Тилкелүү код банкоттун чет жактары боюнча оң жана сол тараптарында берилген.

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы; көзү начар көргөн адамдар үчүн кыйгачынан жайгаштырылган беш штрихтик белги жана "1000" деген үзгүлтүксүз микрошрифтти камтыган "1000" деген цифра жогорулатылган рельефтүү ыкмада; ошондой эле кызыл боекто басылган банкноттун сериясы жана номери берилген. Анын жанында улуттук оюм-чийим түрүндөгү голограмма орун алган. Голограмманын борбордук элементи "1000" деген цифралык номиналдан жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын логотибинен турат.

Чок ортосунда, оюм-чийимдин ичинде чегилип аткарылган "1000" номиналынын чагылышы; айлана формасындагы өтмө регистр; орто кылымдын белгилүү ойчулу жана акыны, Баласагын шаарынын кулуну Жусуп Баласагындын элеси жана "ЖУСУП БАЛАСАГЫН 11к." деген текст жайгаштырылган. Ак купондук тилкеде көзү начар көргөн адамдар үчүн жогорку рельефте аткарылган шарттуу белги берилген. Төмөнкү тарабында "1000" деген үзгүлтүксүз сандардан турган "1000" деген цифра; "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифттин тилкеси менен баса көрсөтүлгөн "МИҢ СОМ" деген текст камтылган. Оң тарабында кара боекто аткарылган банкноттун сериялык номери (цифралардын өлчөмү жогорудан төмөн карай өсөт), ошондой эле тигинен жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси орун алган. Төмөнкү жагынын оң тарабында улуттук оюм-чийимдин рельефтик сүрөттөлүшүн камтыган тик бурчтук берилген. Эгерде, аны ар кайсы бурчтан жарыкка салып караса көмүскөдө берилген "1000" деген цифралык номинал даана көрүнөт .

Банкноттун арткы бетинин жогорку тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана номиналды билдирген "1000" деген цифралык микрошрифтти камтыган "1000" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Сулайман тоосунун элесинде илгерки архитектуралык эстелик - Тахти Сулаймандын сүрөттөлүшү берилген. Банкноттор Кыргызстандын Ош шаарынын 3000 жылдыгына арналып чыгарылган, муну банкноттун сол жак бөлүгүндөгү "Ошко үч миң жыл" деген жазуу тастыктап турат. Оң тарабында айлана түрүндөгү өтмө регистр орун алган. Сүрөттөлүштүк сетканы түзгөн оюм-чийменин оң тарабында банкноттун номиналын көрсөткөн "МИҢ СОМ" деген микрошрифт камтылган. Төмөнкү тарабында "1000" деген цифралык номинал жана банкноттун чыгарылган жылы "2000" берилген. Банкноттун сол жак бөлүгүндө улуттук оюм-чийим жана иридесценттик боек менен аткарылган "1000" деген цифралык номинал орун алган .

 

Үчүнчү чыгарылыштагы банкноттордун

коргоо элементтери:

  1. Банкноттордун индивидуалдык өлчөмдөрү.
  2. Суу белги - жарыкка салып кароодо көрүнгөн портрет жана цифралык номинал.
  3. Коргоо тилкеси. Жарыкка салып кароодо номиналдын цифрасы көрүнөт.
  4. Өтмө регистр - банкноталардын алдыңкы жана арткы беттеринде бирдей түшүрүлгөн жана дал келген белги.
  5. Металл жылтырагын камтыган боек. Номиналдын сүрөттөлүшү металл жылтырагын камтыган боек менен берилген.
  6. Жука металл (фольга) 100 жана 200 сомдо, голограмма 200, 500 жана 1000 сомдо.
  7. Банкноттун алдыңкы бетинде түшүрүлгөн портреттер жана жазуулар рельефтик сүрөттөлүштө чагылдырылган.
  8. Сериялык номер. Тигинен берилген сериялык номер жогорудан төмөндү көздөй өсүп олтурат.
  9. Геометриялык фигуралар түрүндөгү рельефтик белгилер жана мамыча белгилери көзү начар көргөндөр үчүн банкноттун наркын айрымалап билүүгө жардам берет.
  10. Цифралык номиналдын жашыруун берилиши.
  11. Тилкелүү код.
  12. Микрошрифт.
  13. Иридесценттик боек.
  14. Коргоо торчосу ? колго токууга мүмкүн эмес болгон көзөнөкчөлөр түрүндөгү чиеленишкен бир бүтүндүктү түзгөн жипче тилкелер.
  15. Чыгарылган жылы.

 

Улуттук валютанын өнүгүшүнүн этаптары

(жаңыртуунун акыркы датасы 2006-жылдын март айы)

 Кыргыз Республикасынын акча бирдиги сом – 1993-жылдын 10-майында жүгүртүүгө чыгарылган. Бир сом 100 тыйынга барабар. Банк-эмитент – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы. Учурда банкноттор төмөнкү номиналдарда берилген: 1, 10, 50 тыйын жана 1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000 сом.

Өлкөдө улуттук валютаны киргизүү үч этапта жүзөгө ашырылган. 1993-жылдын жаз айларында 1, 5, 20 сом, ошондой эле акчаны майдалоо функциясын аткарган 1, 10, 50 тыйын  номиналындагы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган.

1993-жылдагы үлгүдөгү банкноттор (биринчи чыгарылыш)

 

Номинал (сом)

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы

Өлчөмү

(мм)

Түсү

Тыйындар

1

10.05. 1993

90х70

Кызыл

10

10.05. 1993

90х70

Жашыл

50

10.05. 1993

90х70

Көк

Сомдор

1

10.05. 1993

140х70

Кызыл

5

10.05. 1993

140х70

Жашыл

20

10.05. 1993

140х70

Көк

 

 

 

1994-1995-жылдары акча бирдиктеринин экинчи эмиссиясы жүгүртүүгө 1, 5, 10, 20, 50, 100 сом номиналындагы банкноттор чыгарылган,  булар биринчи чыгарылыштагы банкнотторго караганда өзгөчө коргоо белгилерине ээ болуп, жасалма банкноттордон бир топ айырмаланып турат.

1993-жылдагы үлгүдөгү банкноттор акырындык менен жүгүртүүдөн алынган жана «калктын улуттук валютага ишениминин артышы мөөнөтүндөгү» банкноттор менен – 1994-1995- жылдардагы купюралар менен алмаштырылган.

 

1994-1995- жылдардагы үлгүдөгү банкноттор (экинчи чыгарылыш)

 Номинал (сом)

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы

Өлчөмү

(мм)

Түсү

1

11.04. 1994

135х65

Сары-күрөң

5

11.04. 1994

135х65

Каралжын-көк

10

28.01. 1994

135х65

Кочкул-жашыл

20

11.04. 1994

135х65

Кызгылтым сары

50

29.08. 1994

135х65

Сыя-кызыл

100

20.03. 1995

135х65

Саргылтым-жашыл

Улуттук валютаны киргизүүнүн үчүнчү этабы 1997-жылы башталган. Мурдагы чыгарылыштагы банкнотторго караганда өзгөчөлөнгөн коргоо элементтери менен 1, 5, 10, 20, 50, 100 сом номиналындагы банкноттор акырындык менен жүгүртүүгө чыгарыла баштаган. 2000-жылы жүгүртүүгө жогорку номиналындагы банкноттор (200, 500, 1000 сом) чыгарылган.

 

1997, 2000, 2002, 2004-жылдардагы үлгүдөгү банкноттор (үчүнчү чыгарылыш)

 

Номинал (сом)

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы

Өлчөмү

(мм)

Түсү

1

07.02.2000

120х60

Саргылтым-жашыл

5

17.12.1997

135х65

Каралжын-көк

10

17.12.1997

135х65

Кочкул-жашыл

20

15.08.2002

135х65

Кызгылтым-күрөң

50

15.08.2002

145х70

Сыя-кызыл

100

15.08.2002

150х72

Күлгүн жашыл

200

28.08.2000

155х74

Сары

02.08.2004

500

28.08.2000

160х76

Күлгүн

01.11.2005

1000

28.08.2000

165х78

Бозомук жашыл

 

 Улуттук валютанын бардык банкноталары жана монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан төлөө каражаты катары кабыл алынууга тийиш.

Hosted by uCoz