Макалдар
Ата – Мекен алтын экен.
Айрылган - азат, кошулган озот.
Айылы бүтүн аман жүрөт.
Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны.
Ат айланып, казыгын табат, эр айланып, элин табат.
Ат сыноосу бир болот, эр сыноосу миң болот.
Ат тойгон жерине качат, азамат туулган жерине шашат.
Ар кимдин туулган жери – Мисир.
Баатыр туулса – эл ырысы, жамгыр жааса жер ырысы.
Байлык – байлык эмес, бирдик байлык.
Башка жерден көк асманды көргөнчө, өз жериңден кара булутту көр.
Досу көптү жоо албайт, акылы көптү доо албайт.
Душманга кекти кетиргенче, денеден башты кетир.
Бирөөнүн элинде султан болгончо, өз элиңде ултан бол.
Жакшы – эл камын ойлойт, жаман – өз камын ойлойт.
Жакшы – эли менен, жер – кени менен.
Жакшы элин өргө сүйрөйт, жаман көргө сүйрөйт.
Жаман жолдош жоого алдырат, жаман сөз доого алдырат.
Жамандын өзү коркок, сөзү чоркок.
Жаман киши өз камы үчүн күйүнөт,
Жакшы киши эл камы үчүн жүгүрөт.
Жерин сүйбөс эл болбойт, элин сүйбөс эр болбойт.
Жигит үйдө туулат, жоодо өлөт.
Жоого барсаң, баарың бар, доого барсаң бириң бар.
Чыкылдаган катынды кыз бергенде көрөрбүз,
Жакылдаган жигитти жоо бетинде көрөрбүз.
Коркок түштөн чочуйт, жалкоо иштен чочуйт.
Акылдуу элге тартат, акмак тууганына тартат.
Кичинеге чоңсунба, асмандагы айга кол сунба.
Коркконго кош көрүнөт, кошогу менен беш көрүнөт.
Коркок миң өлөт, баатыр бир өлөт.
Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.
Адам-зат, кишилердин тууганчылыгы.
Адам аласы ичинде, мал аласы тышында.
Адам атасыз болбос, көл бакасыз болбос.
Адам болмок аста – аста, айбан болмок - бир паста.
Адамды адам кылган асыл эмгек.
Адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт.
Адамды сөзүнөн тааны.
Адамдан амал качып кутулбайт.
Адам көркү - чүпүрөк, жыгач көркү – жалбырак.
Адамзаттын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңшайт,
Аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жумшайт.
Кишини киши аксатат.
Адамга ишарат, айбанга келтек.
Башы тоголоктун бардыгы адам боло бербейт.
Өз бетин аябаган киши, киши бетин чиедей кылат.
Өбөгөн киши алты аяктан суу ичет.
Айбанды өңүнөн тааны.
Адам өзүнөн кийинкилерди көрүп картаят.
Абийириңди жашыңдан сакта.
Абийир тапса баласы, атасына бак конот.
Адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт.
Адамдан амал качып кутулбайт.
Адам болмок аста – аста, айбан болмок - бир паста.
Адам аласы ичинде, мал аласы тышында.
Ага тууган кимде жок, сыйлашпаса, жатча жок.
Агайындын кадырын жалаалуу болсоң билерсиң,
Ата – эненин кадырын балалуу болсоң билерсиң.
Ата жакшы – уул жакшы, эне жакшы – кыз жакшы.
Аталуу жетим – арсыз жетим, энелүү жетим – эрке жетим.
Атасы болушчаактын уулу урушчаак, энеси болушчаактын – кызы ыйлаак.
Ата – энеңди сыйласаң өз балаңдан жакшылык көрөсүң.
Адамзаттын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңшайт,
Аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт.
Адеби жок жигит, жүгөнү жок атка окшойт.
Айбанды өңүнөн тааны,
Адамды сөзүнөн тааны.
Булуттан чыккан күн ачуу, жамандан чыккан сөз ачуу.
Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?
Улуу болсоң кичик бол, сенден эч ким талашпайт,
Жакшы болсоң жатык бол, чындык сенден адашпайт.
Жакшы көргөн досунан ат аяган жигитпи.
Жакшыга - бир сөз, жаманга – миң сөз.
Жашында жигит октолот, жашаганда токтолот.
Жашыңда калжаң болсоң, карыганда мылжың болосуң.
Жакшы ката кетирсе өзүн жемелейт,
Жаман ката кетирсе жолдошун жемелейт.
Жакшы карыса, эл – журтунун апасы,
Жаман карыса, балдарынын капасы.
Жакшыны жатым дебе, жаманды досум дебе.
Жакшыны сөз өлтүрөт, жаманды таяк өлтүрөт.
Жакшынын өзү өлсө да сөзү өлбөйт.
Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети.
Жалгыз өгүз кош болбойт, жаакташкан дос болбойт.
Жаш чыбыктын ийилгени – сынганы,
Жаш жигиттин уялганы – өлгөнү.
Жигиттин өзүнө караба, сөзүнө кара.
Кыз экенде – кызыл кыз, жаман катын кайдан чыгат?
Кемпирге – чал, келинге – күйөө, кызга – бозой.
Кыз баласы – кызыктырат, уул баласы – ууктурат.
Кыздын көзү кызылда.
Кызы боозуп, энесин коркутат.
Күйөгө жетпей кыз тынбайт.
Сөз билбеген муштуму менен коркутат.
Уул жаманы - уйгак, кыз жаманы – камгак.
Уулу жоктун – мууну жок.
Уул жакшысы – урмат, келин жакшысы – келбет.
Уулуң өссө – урумга, кызың өссө – кырымга.
Эжелүү кызга – тон кайда, эчкилүү койго – суу кайда.
Эки эл тарап болсо, эптүү жигит катын алат.
Адам кааласа таштан суу, такырдан гүл чыгарат.
Эмгек жөнүндө.
Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жолугат.
Адамды адам кылган асыл эмгек.
Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат.
Агасын көрүп ини өсөт, эжесин көрүп сиңди өсөт.
Азбаймын деген жигитти, караңгы түн аздырат.
Акылдуу мактанса ишти тындырат, акмак мактанса бутту сындырат.
Алган эри жарашса, кара келин ак болот.
Ары жок күлкүчү, санаасы жок уйкучу.
Аттын сыры ээсине маалым, кыздын сыры төркүнүнө маалым.
Атың жакшы болсо – жолдун ыраагы, уулуң жакшы болсо – көңүл чырагы.
Ашым калса калсын, ишим калбасын.
Байлыктын атасы – эмгек, энеси – жер.
Бакыт эмгектен жаралат.
Бир күн кетмен чапкан – нандын даамын билет.
Болот отто чыңалат, адам иште чыңалат.
Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
Жарды болор жигит, эринчээк болот.
Жакшыга айтсаң билет, жаманга айтсаң күлөт.
Жаман катын терисин жыйбай иттен көрөт, башын жуубай биттен көрөт.
Жаман койчу жайыттын бир күндө түгөтөт.
Жаман үйдү коногу бийлейт.
Жамандан жазган, иштен иймен.
Жакшынын пайдасы, жамандын кесепети тиет.
Бир мунарага жеталбай атып, бирине бут артпа.
Бөрү атар жигиттин бөркүнөн тааны.
Жат жарытпайт, өз өлтүрбөйт.
Жакшы уулдун башына ырыс менен кенч ойнойт,
Жаман уулдун башына келтек менен камчы ойнойт.
Жакшы болмок аста – аста, жаман болмок бир паста.
Жакшы жашынан эл башкарат, жаман карыганда жашарат.
Жалкоого шылтоо көп.
Жаман адам өзү боло албайт, болгонду көрө албайт.
Жаткан өгүзгө чөп жок.
Жашка – кызмат, карыга – урмат.
Жибекти туталбаган жүн кылат, катынды күтө албаган күң кылат.
Бала – баланын иши чала.
Бала оюнга тойбойт, жалкоо уйкуга тойбойт.
Баланы жашынан, катынды башынан.
Ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт.
Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса.
Катыны жамандын казаны сынык, эркеги жамандын бычагы ийри.
Катын алсаң отун ал, бир кучагын ашык ал.
Катын жакшы – эр жакшы.
Катын ишин билет, эркек кушун билет.
Катындуу жерде челек бар.
Катынды күтө албаган – күң кылат.
Колу менен иштебеген, оозу менен орок орот.
Койчусу көп болсо, кой арам өлөт.
Нысапсызга кашык салсаң, беш уурттайт.
Тиши чыккан балага чайнап берген аш эмес.
Ток баланын ач бала менен иши жок.
Уул жакшысы урмат, келин жашкысы – келбет.
Эрте турган жигиттин ырысы артык.
Адамды адам кылган эмгек.
Жаратылыш жөнүндө жакшы сөз.
Адам-затты сөз бузат, тоону-ташты сел бузат.
Алтынды чыккан жеринен каз.
Алтын – жерден, баатыр – элден.
Батаар күндүн – атаар таңы бар.
Бийик тоого чыксаң көзүң ачылат,
Билимдүү менен сүйлөшсөң көңүлүң ачылат.
Бийик тоону жанынан көр, башына чыкпа,
Жакшы кишини алыстан ук, жанына барба.
Билим – элге, суу – жерге.
Билимди элден изде, алтынды жерден изде.
Бир дарак бакча эмес, бир таш дубал эмес.
Бир таш – тоо эмес, бир баш – эл эмес.
Бөрү – жарды, кузгун – тойду.
Бөрүгө кой кайтартпа.
Бука жокто торпок бий.
Дайранын көркү кемеде, баланын көркү энеде.
Дарак бир жерден көгөрөт.
Дарыянын жанына кудук казбайт.
Жазгы суук жандан өтөт.
Жазында ырдап жүрбөсөң, кышында жыргап жүрөсүң.
Жайдын күнү жаш баладай.
Жакшы - эли менен, жер кени менен.
Жамгыр менен жер гүлдөйт,
Эмгек менен жер гүлдөйт.
Жамгыр өзүн сел ойлойт,
Кудук өзүн көл ойлойт.
Жан аябаган жоо алат.
Жатып өлгөнчө атып өл.
Жел жүрбөсө, чөптүн башы кыймылдабайт.
Жер байлыгы – эл байлыгы.
Жердин көркү – эгин, эрдин көркү – билим.
Жер кишинин акысын жебейт.
Канаттуунун баары кыраан эмес,
Сойлогондун баары жылан эмес.
Карга баласын «аппагым» дейт, кирпи баласын «жумшагым» дейт.
Карга учуп шумкар болбойт,
Эшек жүгүрүп тулпар болбойт.
Казга теңелип карганын шыйрагы сынат.
Кекилик өз атын өзү чакырат.
Кен байлыгы – кең байлык.
Коөн көлөкөсүнөн коркот.
А
Абийириңди жашыңдан сакта.
Абийрдүү жигитке ажалдуу кийик жолугат.
Абийир тапса баласы, атасына бак конот.
Абийир үчүн ак жүр, алыш-беришке так жүр.
Абысының болсо, күнүм жок дебе.
Абышка өлсө, ат бошойт,
Кемпир өлсө, төр бошойт.
Агайын татуу - болсо ат көп,
Абысын татуу болсо - аш көп.
Агам кимди алса жеңем ошол.
Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса жатча жок.
Агын (аккан) сууда арам жок.
Адал өлсө - бир табак эт,
Арам өлсө - бир талпак.
Азансыз молдо болсо да, казансыз катын болбойт.
Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр.
Адам болор кишинин адам менен иши бар,
Адам болбос кишинин адам менен неси бар.
Адам болуу аста-аста, акмак болуу бир паста.
Адамга - ишарат, айбанга келтек.
Адамга чычалак жарашпайт,
Атка жаталак жарашпайт.
Адамдан айла качып кутулбайт.
Адамдан акыл качып кутулбайт.
Адамды билиш үчүн аны менен бирге көп жолу туз даамдаш болуш керек.
Адамды кийимнен тааныбайт, ишинен тааныйт.
Адамдын көркү адилеттүүлүктө, жигиттин көркү - адептүүлүктө.
Адамдын көркү - акыл.
Адамдын көркү - чүпүрөк, жыгачтын көркү - жалбырак.
Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт.
Адамзаттын жакшысы - азырак сүйлөп, көп тыңшайт,
Аргымактын жакшысы - азырак оттоп, көп жуушайт.
Адамзатты сөз бузат, тоону-ташты сел бузат.
Б
Баарынан качып кутулууга болот, өлүмдөн качып кутула албайт.
Баатыр болмок маңдайдан,
Чечен болмок таңдайдан.
Баатыр болсоң - шер бол, коркок болсоң жер бол.
Баатырдыкка даба жок.
Баатырдын баш ийгени - өлгөнү.
Баатыр - жоо барында сыйлуу,
Бий доо барында сыйлуу.
Баатыр - маңдайлаш, чечен - таңдайлаш
Баатыр өлсө да куралын таштабайт.
Баатыр чөлдө өлбөйт, балык көлдө өлбөйт.
Баатыр туулса - эл ырысы,
Жамгыр жааса - жер ырысы.
Баатыр чын айтат, коркок калп айтат.
Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун.
Баатыр жоодо мактанат, коркок үйдө мактанат.
Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт.
Баатырсынган жигитти жоо келгенде көрөрбүз.
Багы ачыктын маңдайы жарык.
Багы жокко, дагы жок.
Бажа бажаны көргөндө, башы кычышат.
Базар - барга таттуу, жокко - ачуу.
Базарда миң киши бар, ар ким сүйгөнүнө салам берет.
Базарда баары бар, издегениңди таба албайсың.
Д
Даам таткан кудугуңа түкүрбө.
Дайранын көркү кемеде, баланын көркү энеде.
Далили жок сөз - чала күйгөн чычала.
Даны жоктун - наны жок,
Наны жоктун - жаны жок.
Дарак бир жерден көгөрөт.
Дарыянын жанына кудук казбайт.
Дени соонун - жаны соо.
Доо карыбайт, аса чирибейт.
Доону төлөбөгөн төлөйт.
Дос айрылат, сөөк кайрылат.
Дос балаада билинер, баатыр талаада билинер.
Дос гүл болсо, душман кул болот.
Дос, доско жаныңды кош.
Дос менен дос болсоң - мактан,
Кас менен дос болсоң - сактан.
Дос сыртындан мактаар, душман көзүңчө мактаар.
Достун көңүлү бир атым насывайдан калат.
Дос таарынса, бергенин алат.
Достук таар кыяда сыналат.
Достун түбү - маймак, уурунун түбү - айгак.
Досу көпү жоо албайт, акылы көптү доо албайт.
Досум, дос элек коон үзгөндө, кас болдук бозо сүзгөндө.
Ж
Жабыгып жүргөн жигитти жакрсың деп кордобо,
Ташыркаган бууданды баса албайт деп болжобо.
Жазган кулда чарчоо жок.
Жазгы суук жандан өтөт.
Жазгы этте жазык жок.
Жаздыкта өлгөн - жаман ат, жоодон өлгөн - салтанат.
Жазында ырдап жүрбөсөң, кышында жыргап жүрөсүң.
Жайында иштебей жаткан катын, кышында колун отко кактайт.
Жайдын күнү жаш баладай.
Жай кийгенин кыш кийген, жарды кайдан байысын.
Жакшы абысыныңа барганча, жаман сандыгынды оодар.
Жакшы адамдын досу көп, жакшы аттын ээси көп.
Жакшы адам он бешинде жашмын дебейт, жүзгө чыкса кардым дебейт.
Жакшы айттырбай билет, суратпай берет.
Жакшы ат жанга шерик, жакшы ит малга шерик.
Жакшы аттын жалын сактаганча, жакшы жигиттин арын сакта.
Жакшы ашын аябайт, баатыр жоону санабайт.
Жакшы аял жаман эрди эр кылат.
Жакшы бала эр болот, жаман бала жер болот.
Жакшы болом десең жакыныңа жан тартпа,
Бактылуу болом десең башкаларга көз артпа.
Жакшы болсо аялың - келип турат жакының,
Жаман болсо аялың - качып турат жакының.
Жакшы болсо катының, табыла берет акылың.
Жакшы болсоң - жатык бол, улук болсоң - кичик бол.
З
Заманы бирдин - амалы бир.
Заманы жакшы болсо, карысы жаш болот.
Заманына карай күлкү, тоосуна карай түлкү.
Зер кадырын зергер билет, сүйүү кадырын сүйгөн билет.
И
Издеген - табат, сураган - алат.
Ийгиликтин эрте-кечи жок.
Ийибеген эмчек болбойт.
Ийилген башты кылыч кеспейт.
Ийне көзүнөн сынат, адам сөзүнөн сынат.
Ийне өткөн жерден, шоона да өтөт.
Ийри отуруп түз кеңешели.
Илгеркинин алпы көп, алпынан да калпы көп.
Илим албай мактанба, өнөрлүү болбой баптанба.
Илим - ийне менен кудук казгандай.
Илим - окуу булагы, билим - өмүр чырагы.
Илим өмүрсүз болбойт, куш канатсыз болбойт.
Илим - тозбогон кудук, билбеген киши - дудук.
Илим - турмуш чырагы, өнөр - эрдин куралы.
Илээндинин малы көчкөндө жок болот.
Иниси бардын ырысы бар.
Ириген ооздон чириген сөз чыгат.
Ит арабанын астында жүрүп, "арабаны мен тарттым" дейт.
Ит, ит аягын жыламайынча алымсынбайт.
Ит жадаса - үрөт, киши жадаса - күлөт.
Ит жалдаган суу кечпейт.
Ит жыйыны топ болбойт.
Ит иттигин кылбаса, башы ооруйт.
Ит идти жумшайт, ит куйругун жумшайт.
К
Каалосун тапса, кар күйөт.
Кагылыштан кан өлөт.
Казанга жакын жүрсө көөсү жугат,
Ууруга жакын жүрсө чуусу жугат.
Казанга түшкөн аш капка түшпөйт.
Казан карасы кетет, намыси карасы кетпейт.
Казаны башканын - кайгысы башка.
Казанын сууга салып коюптур.
Кайгы өмүрдү кесет, калп ырысты кесет.
Кайгы - пайдасыз, ый жардамсыз.
Кайгысы жок кара сууга семирет.
Кайда батсаң да, казандын кулагы төртөө.
Кайнаса каны кошулбайт.
Кайрат дартты жеңилдетет, кайгы дартты ырбатат.
Кайраты бар кишинин, берекеси бар ишинин.
Калган ишти кар басат.
Калем менен жазганды балта менен өчүрө албайсың.
Калемпир ачуу - туз болбойт.
Калк айтса, калп айтпайт.
Калп айтып пайда тапкандан, чын айтып зыян тапкан жакшы.
Калптын арышы кыска.
Калптын өпкөсү калбырдай.
Калпты чындай айтса, чын чычая качат.
Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз болбойт.
Калп сөз жанга жоо, өткүр бычак кынга жоо.
Калп ырыс кесет.
Калпычынын өмүрү коендун куйругунан кыска.
Камдес мерген карайган кырды атат.
Камырдан кыл сууругадай.
Канаттуунун баары кыраан эмес,
Сойлогондун баары жылан эмес.
Канаты менен учкан, куйругу менен конот.
М
Майкан көрбөй, бала оңолбойт.
Май кармаган бармагын жалайт.
Майталканды ичине жаккан киш жейт.
Макал атасы - сөз, мата атасы - бөз.
Мактанчаак кысыр уйду саайт.
Макулук болмок - өлмөк бар.
Мал арыгын сыйласаң, ооз майлайт,
Киши арыгын сыйласаң, төбө кандайт.
Мал баксаң - чөп чап,
Жан баксаң - көп тап.
Мал баласы туулганда жерди карайт,
Куш баласы туулганда көктү карайт.
Малдан жарды калсаң кал, акылдан жарды калба.
Малдуунун көзү өткүр, малсыздын сөзү өткүр.
Малды баккан билет, отунду жаккан билет.
Малды көрүп, байгамбар жолдон чыгыптыр.
Малдын төлүн күзүндө сана.
Мал кадырын билбесең, жөөчүлүк берер жазаңды.
Мал сактаба - ар сакта.
Малы жок деп, эрден түңүлбө.
Чөбү жок деп, жерден түңүлбө.
Малың барда баары дос, малың жокто кана дос?
Малың жүзгө жеткенче, таанышың үчкө жетсин.
Мал ээсин тартпаса, арам өлөт.
Мансап үчүн сүйбө, мал-мүлк үчүн достошпо.
Мандаш мынча, кой канча?
Мастан жинди (шайтан) качыптыр.
Мата даңкы менен бөз өтөт,
Ата даңкы менен кыз өтөт.
Мейманга аш кой, эки колун бош кой.
"Мен" деген - чөл, "биз" деген - көл.
Менин акылым сенде эмес, сенин акылың менде эмес.
Менин колума да карга чычаар.
Мен кой дебейм балам, кой дээриң, кой дээр.
Мен "чарыкчанды" сүйбөйм, "өтүкчөн" мени карабайт.
О
Обу жокко кыйшаң үйүр.
Обу жок катын орсок уй саайт.
Обур уй чобур музоо тууйт.
Ойдон бир уйдун мүйүзү сынса,
Тоодо миң уйдун мүйүзү зыркырайт.
Ойлонбой сүйлөсөң, оорубай өлөсүң.
Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет.
Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө.
Ой - өзүңдө, нарк - колуңда.
Ой - сөздүн сандыгы.
"Ойт" десең, кыйт берет.
Ойчул оюна жеткенче, тобокелчил барып келиптир.
Ок жарасынан сөз жарасы жаман.
Окуган - жарык, окубаган - чарык.
Окуу - билим азыгы, билим - ырыс азыгы.
Олуя жакынын (жанындагысын) колдойт.
Он күндүк ашың болгончо, бир күндүк эшиң болсун.
Онтоткон - оору, мөгдөткөн - кары.
Он экинин бири жок.
Оң колуңдун ачуусу келсе, сол колуң менен карма.
Оңко оюн бузат, тентек жыйын бузат.
Ооздон кан чыкса да душманга ырыңды ырдаба.
Ооздон чыккан сөз отуз уруу элге таанылат.
Оозу жаман элди булгайт, буту жаман төрдү булгайт.
Оозу менен орок оруп, буту менен машак терет.
Оозунан сөзү түшкөндүн, колунан бөзү түшөт.
Ө
Өгөй эне өөнчүл, жетим юала кекчил.
Өгөөгө бергис бүлөө бар,
Экөөгө бергис бирөө бар.
Өгүз болгуча торпок пейли калбаптыр.
Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын.
Өгүз өлдү, орток айрылды.
Өгүсү жок - жер сугарат.
Өз агасын агалай албаган, киши агасын сагалайт.
Өз башын аябаган, киши башын далдал кылат.
Өз бетин аябаган, бирөөнүн бетин чиедей кылат.
Өз башындагы төөнү көрбөгөн, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт.
Өз камын ойлогон өспөйт,
Эл камын ойлогон көктөйт.
Өз кемчилигин өлгөнчө билбейт,
Киши кемчилигин кирип чыкканча билет.
Өз кордугунан жат кордугу жаман.
Өзөгү карарган карга таш чокуйт.
Өзөктөн чыккан өрт жаман,
Өздөн чыккан жат жаман.
Өзөн башы ашуу болот,
Жардын башы кечүү болот.
Өз төшүн өзү жара муштаган эр болбойт.
Өз тууганын кордогон, душманына кор болот.
Өз убалың өзүңө, эки кара көзүңө.
Өзү билбеген, билгендин сөзүнө кирбеген - айбандык.
Өзү бир тыйын, дымагы миң тыйын.
Өз үйүм - өлөң төшөгүм.
Өзүмдүкү дегенде - өгүз кара күчүм бар,
Өгөнүкү дегенде - ана-мына ишим бар.
Өзүн өзү билет, өтүгүн төргө илет.
Өзүнүн бөгүн бөктөй албаган, кимдин чигин чиктейт?
Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло.
Өзүңө бычак ур, оорубаса кишиге ур.
Өзүңө иштесең - арстандай, башкага иштесең - чычкандай.
Өзү тойбос кайнага кимге кешик арттырат?
Өзү тойбостун, көзү тойбойт.
Өзү ууру бирөөнү ууру дейт,
Өзү кара бирөөнү кара дейт.
П
Пайгамбар баарына ыраазы.
Пейли жаман кишиден күтөт, өз ашын жашырып ичет.
Пил көтөрбөгөндү тил көтөрөт.
Пулу бардын оозу чайнайт,
Пулу жоктун көзү чайнайт.
С
Самаал тааныш.
Саанды камдаганча, сабаңды камда.
Саан камдаганча, саман камда.
Сабасына жараша - бишкеги,
Мурутуна жараша - искеги.
Сабырдуу болсоң - озорсуң, сабырсыз болсоң - оголсуң.
Сабырдын түбү сары алтын.
Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт.
Сакадай бою сары алтын.
Сакалдуу киши жоого түшөрбү?
Сакал тойдо керек.
Сакалыңдын агы бар, балалыгың дагы бар.
Сакалың өспөсө, сакалсызга күлбө.
Сактанбаган алп жардан алыс кетиптир.
Сактансаң, соо каларсың.
Сактансаң - сактаймын, сактанбасаң - отко кактаймын.
"Саман өрттөнүптүр" - десе,
"Самарканды жоо чааптыр" - дейт.
Санаа куюндан да күлүк.
Санаа - саргайтат, убайым - картайтат.
Санаасы жок сары сууга семирет.
Санаасы жок - уйкучул,
Акылы (ары) жок - күлкүчүл.
Сан тийбеске сан тийди,
Табак-табак нан тийди.
Саны бар, сапаты жок.
Саны менен бирге даны болсун.
Сапарбайдын сан жылкысы көрүнбөй,
Кулансарыктын кула байталы көрүнөт.
Сараң адамдан кесип алса кан чыкпайт.
Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң.
Сасык деп уй мурдун кесип таштабайт.
Саялбаган ийне тандайт,
Саптай албаган учук тандайт.
Т
Таалайлуу менен талашпа,
Бактылуу менен байлашпа.
Тааныбаган (билбеген) жердин ой-чукуру көп.
Тааныбасты - сыйлабас.
Таанымал жерде бой сыйлуу, тааныбас жерде тон сыйлуу.
Таарынгандыкы - таттуу.
Табыпчы дартка жолдош.
Таза болсоң, суудай бол, баарын жууп кетирген.
Балбан болсоң, жердей бол, баарын чдап көтөргөн.
Тазалык - соолук негизи, соолук - байлык негизи.
Таз арданса, бөрк алат.
Таздын көнү болбосо да, таза кыздын көөнү калбасын.
Таз тараганча, той таркайт.
Тай ат болбосо, эр бант болот.
Тай атка чыкса, ат азатка чыгат.
Тай кунанга жеткизет, кунан атка жеткизет, ат муратка жеткизет.
Тай туйлап тактыга чыкпайт.
Тактыктан достук бузулбайт.
Такыялуу башка далай иш түшөт.
Талаага түнөгөнчө, молого түнө.
Талаадагыны үйдө болжобо.
Талаадан табылса, бир ором жип да олжо.
Талаптанбай муратка жетпейт.
Тамагы майлуунун көйнөгү көөлүү.
Тамак болбой, дымак болбойт.
Тамак көп болсо, итке жакшы,
Тамак жок болсо, битке жакшы.
Тамактан аяган мончок курусун.
У
Убадасыз кишиден, жүрүп кеткен жел артык.
Узаткандын жолдоштукка тоому жок.
Узунсуз - кыска болбойт,
Улуусуз - нуска болбойт.
Уйга килем жапкандай.
Уйдун сүтү тилинде.
Уйдун тууруна күтүп, уузуна күтпөптүр.
Уйку төшөк тандабайт.
Уй мурдун сасык деп кесип таштабайт.
Уй мүйүздүү өгүздө - күч жок,
өгүз мүйүздүү уйда - сүт жок.
Уй окусунан түшөт,
Күлүк арзанынан түшөт.
Уй сойсоң, үч күн үйүңө жолобо,
Жылкы сойсоң, жети күн үйүңөн чыкпа.
Уй сыйпаганды билбейт,
Жаман сыйлаганды билбейт.
Уй териси тон болбойт,
Урушчак киши чоң болбойт.
Узун тил уудан жаман.
Укканда кубанып, көргөндө көңүл сууйт.
Уккан кулакта жазык жок.
Уккан - уламал, көргөн - көзөмөл.
Укпайт деп ушак айтпа,
Билбейт деп ууру кылба.
Улуу сөздө уят жок.
Ура албаган чокмор өз башына тиет.
Ургандан тап берген жаман.
Урган киши - дөң менен,
Урдурган киши - жол менен.
Ү
Үйгө кирген куру чыкпайт,
Көргө кирген тирүү чыкпайт.
Yйдө баатыр - жоодо жок,
Yйдө чечен - доодо жок.
Yйдөгү ойду базардагы нарк бузат.
Yйдү кырк эркек толтура албайт, бир аял толтурат.
Yйдүн көркү аялда.
Yйдүн ашы үйгө сонун.
Yйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?
Yйрөнгөн жоо атышарга жакшы.
Yйү жакын иттин куйругу узун.
Yйүндө кашык айраны жок, кызынын аты Журатбүбү.
Yйүндө көптү талаада урбайт.
Yйүндө тынчы жоктун, талаада кош баракаты бар.
Yйүндө сүтү төгүлсө, талаада музоо ээмп кетет.
Yйүңдүн байлыгын көчкөндө көрөрсүң.
Yмүтсүз - шайтан.
Yндөбөгөн - үйдөй балээден кутулат.
Yңкүр да болсо үйүм бар.
Ч
Чабал өрдөк мурун учат.
Чагым өлтүрөт, мактоо - жеткирет.
Чакпаган жылан ийинден сырткары.
Чакырбаган конок, шыпырбаган жерге отурат.
Чакырганга барбаган (келбеген), ымдаганга зор болор.
Чакыргандан калба, өзңң басып барба.
Чапанчанды чапса, көйнөкчөнгө доо кетет.
Чапкан сайын көз чыкпайт;
Айткан сайын кеп өтпөйт.
Чапсаң - чарчарсың, желсең - жетерсиң.
Чегирткеден корккон эгин экпейт.
Чегирткенин алын көр да канын сор.
Чечендин сөзү алтын,
Устанын колу алтын.
Чечен - чечен эмес, өкүм чечен.
Чечинген суудан кайтпас;
Кезенген - жоодон кайтпас.
Чирикке чымын үйүр.
Чогулушта чындык керек,
Чогууда тынчтык керек.
Чокой кийген бут куурайт,
Чогоолго тийген кыз куурайт.
Чоң (улуу) үйдөгүлөр күлсө, кичүү үйдөгүлөр ырсаят.
Чоркок киши буканын мурдун муштуму менен көзөйт.
Чөйчөктөн төө сугаргандай.
Чөптөн жапыз, суудан тайыз.
Ш
Шагылы болбой, зоо болбойт,
Шайыры болбой, эл болбойт.
Шайтан болсо, арык аттабай бут сынат.
Шайыр болбой, эр болбойт.
Шашкан коен аңга батпайт.
Шектүү - шекинет, шеги жок - кекирет.
Шибегени капка ката албайсың.
Шодоконун бүркүтүндөй жутунба.
Шок болсоң, жок болорсуң.
Шыбыр кеп болбойт, шыйрак эт болбойт.
Шынааны тына менен чыгарат.
Ы
Ыйласа - сураба, күлсө - сура.
Ый менен күлкү аякташ.
Ый менен өлгөнчө, ыр менен өл.
Ынтымагың болбосо, ит менен кушка жем болорсуң,
Ынтымагың бар болсо, аялың менен журтка тең болорсуң.
Ынтымак болбой, иш оңолбойт.
Ынтымак бар жерде - ырыс бар.
Ынтымак түбү - ийгилик, тирилик түбү - бирдик.
Ырдуу - күйөө, чырдуу - кыз.
Ырыс алды - ынтымак.
Ырыс качса, тууш конбойт.
Ырыскысыз адам болбойт.
Ырыстууга жуучу келет,
Ырысы жокко доочу келет.
Ырысы жоктун аты кара чабуулда жүгүрөт.
Ырысы жоктун ырымы күч.
Ысабы жокко кашык салсаң, беш ууртайт.
Э
Эбин тапкан эки ичет, эңсеси каткан бир ичет.
Эгизден төл өсөт,
Эмгек менен эр өсөт.
Эгиз улакка - айры шыбак.
Эгин айдоо байлык айдоо.
Эгиндин жайын эккен билет,
Арабанын жайын чеккен билет.
Эгин көп болуп эки жыл ичпейт.
Төө көп болуп конокко сойбойт.
Эжекем эрге тийди, эскиси мага калды.
Эже кийгенди сиңди киет.
Эжелүү кызга тон кайда.
Эчкилүү койго суу кайда?
Эки арамза дос болбойт.
Эки байдын ортосунда кедей байыбайт.
Эки бай куда болсо, жорго алышат.
Эки кедей куда юолсо, торбо алышат.
Эки бээлүү эл сактайт, жалгыз бээлүү жан сактайт.
Эки жакшы баш кошсо - ырыс,
Бир жаман менен бир жакшы баш кошсо - дурус;
Эки жаман баш кошсо - күн сайын уруш.
Эки жакшы жайлоог чыкса, кудалашып түшөт;
Эки жаман жайлоого чыкса, кубалашып түшөт.
Эки жакшы кас болбойт,
Эки жаман дос болбойт.
@