Туризм жана тарыхий-маданий мурастардын эстеликтери
Сайттан көчүрүлүп басылды: kyrg.president.kg

  1991-жылы көз карандысыздык жарыяланган мезгилден тартып туризмди өнүктүрүү мамлекет башчысы   Президент А.Акаевдин көңүлүнүн борборундагы эң маанилүү маселеге айланды.  Президент 2001 жылды  туризмди  колдоо жана  өнүктүрүү жылы деп жарыялагандыгы  буга мисал боло алат.


Учурда Кыргызстан эстремалдуу эс алуу ышкыбоздорунун,  бизнесмендердин, окумуштуулардын, спортчулардын  жана    Улуу Жибек жолунда жайгашкан өлкөлөрдүн тарыхы жана бүгүнкү абалы менен кызыккан адамдардын  өзгөчө кызыгуусун туудурууда.


Кыргызстан байыртан Борбордук Азия цивилизациясынын аймагына кирип,  Чыгыш менен Батыштын ортосунда эл аралык, дипломатиялык жана маданий  коммуникациялардын жандуу катнаш жолундагы маанилүү түйүнү болгон.  Соода жолундагы   ыңгайлуу  географиялык абалды ээлегендиктен, ал  Чыгыш менен Батыштын маданий жетишкендиктерин боюна сиңирип алып турган.


1999 жылы өлкөнүн Президенти А.Акаев  Улуу Жибек жолу доктринасын сунуш кылды.  Кыргызстан, деп белгиленет концепцияда, Евразия   материгинин  борборунда, цивилизациялардын  тогошкон жеринде жайгашуу менен тээ байыркы кылымдардан  бери   дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн ортосунда достук көпүрөсүнүн милдетин өтөп келген.


Улуу Жибек жолу Чыгыш менен Батыштын маданиятын бириктирип, алардын өз ара диалогунда ар дайым чоң милдет өтөп келген.  Бүгүнкү күндө Кыргызстанга саякаттап чыгып, тээ байыркы кылымдардын түпкүрүнө сүүгүп кирсе болот.   Туристтерди  археологиялык, тарыхий жана диний эстеликтер сыяктуу маданий мурастын обьектилери, Кыргызстан элинин күндөлүк турмушу кызыктырат. Кыргызстандын тарыхий жана жаратылыш  ажайып сырларын  250дөн ашуун туристтик фирмалар дүйнөгө жар салууда.


өлкөнүн баардык территориясы туристтик аймактарга бөлүнгөн жана ар бири кайталангыс, жаратылыштын жана тарыхий-маданий ажайып кооз жерлерге ээ. Дүйнөлүк маданий мурастын ажырагыс бөлүгү болуп саналган археологиялык объекттер: Ысык-Көлдүн жээгиндеги Саймалуу-Таш капчыгайындагы аскалардагы жазуулар, б. э. ч. V-VI кылымдардагы сак жолбашчылыардын коргондору, орто кылымдагы Бурана жана өзгөн архитектура эстеликтери, Таш-Рабат кербен сарайы.


Тарыхий-маданий туризмден Кызыл-Суу шаарчасына (орто кылымдагы Невакет) экскурсия сунуш кылынат. Бул жерде будда живописи менен скульптурасынын баалуу фрагменттери, анын ичинде “көзү өткөн Будданын” монументалдуу статуясы табылган. Бул шаарчада изилдөө жана консервациялоо жумуштары күнү бүгүнкүгө чейин улантылууда, ошондуктан туристтер археологдордун акыркы ачылыштарын өз көзү менен көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.


Кызыл-Суу шаарчасынан 20 чакырымча чыгышта жайгашкан түрк башкаруучуларынын борбору Суябды (Ак-Бешим шаарчасын) элестеткен орто кылымдын дагы бир эстелигинде  кезинде Будда эстеликтери табылган. Бул тарыхий урандыларды көрүш үчүн дүйнөнүн Көптөгөн өлкөлөрүнөн туристтер келишет, алардын Көпчүлүгү буддизм кеңири тараган өлкөлөрдөн. Бирок азыркы учурда казылып жаткан объектилердин ичинен көрүүчүлөрдү  60 х 40 м. көлөмү менен таң калтырган христиан чиркөөсүнүн орто кылымындагы комплекси туристтер үчүн өзгөчө кызыктуу.


Дартка даба минерал суулары бар аты уйкаш курорт жайгашкан Ысык-Ата капчыгайларынын биринде ошол доордогу тарыхий жанан маданий эстеликтеринин эң баалуусу болуп саналган 7-8 кылымдагы “дарылап жаткан Будданын” сөлөкөтү эң мыкты сакталган. Бул жерде жолоочулар ыйык эстеликти жыттуу заттар жана майлар менен аластап, оорулардан дарыланып, эс алышкан. Эстелик этнографиялык азыркы заманга чейин  салт буюм катары пайдаланылган.


Ысык-Көл  аймагы  эң оболу  санаторий-курорт, ден соолук чыңдоочу, тарыхий,  рекреациялык жана тоо туризми менен   кеңири белгилүү. Көлдүн жээгинде, бир  мезгилде 30 миң эс алуучу  адамды кабыл алууга  мүмкүнчүлүгү бар 128 санаторий-ден соолук чыңдоочу мекемелер жайгашкан.


Ысык-Көл туристтик аймагы маданий-тарихий эстеликтерге өзгөчө  бай. Бул жерде бир нече миң эстелик катталган, анын ичинен 320 объектиси мамлекет тарабынан коргоого алынып, 1 500 археологиялык эстелик  расмий каттодон өткөн. Алардын арасында таш, коло жана темир доорлорунун эстеликтери (жатактар, үңкүрлөр, аскадагы жазуулар), орто кылымдагы таш скульптуралары, байыркы түрктөрдүн жазуулары, шаарчалар жана чакан шаарчалар бар.


Б. з. ч. II миң – б. э. VIII кылымдардын аралыгында деп болжолдонгон Чолпон-Ата капчыгайындагы жана башка жерлердеги аскалардагы жазуу-петроглифтер  эсепке алуу дээрлик мүмкүн болбогон байыркы эстеликтердин чакан тобун түзөт.


Түп районундагы Күрмөнтү айылынын жанындагы падыша коргону – алгачкы көчмөндөр доорунун таасын эстелиги. Ушул өңдүү эстеликтер Ысык-Көл сыяктуу эле  Кыргызстандын башка туристтик аймактарында дагы бар. Бул б. э. ч. VII кылымдан б. э. II кылымына чейин Орто Азияда жашаган, Кир менен Дариянын перс жоокерлерин, андан соң Александр Македонскийди токтоткон айбаттуу күч болуп эсептелген малчы сактардын күмбөздөрү.


Ошол эле доордо бул аймактарда отурукташуу-дыйканчылык маданияты жаралган. Айрым жазуу булактарында Чигу шаарынын (Кызыл-өрөөн шаары) эскерилиши анын күбөсү болуп эсептелет, айрым изилдөөчүлөр белгилегендей, Түп булуңунун Сары Булуңундагы суу алдындагы урандылар мына ошол шаардын калдыктары. Кийинки заманда отурукташуу дыйканчылык маданияты кыйла туруктуу мүнөзгө ээ болгон, ал туурасында археологиялык жана жазма булактар күбөлөп турат. Бул тууралуу күбөлөгөн акыркы тарихий-маданий эстелик катары Тору Айгырдагы ХIV кылымдагы мончонун урандыларын эсептесек болот.

Аскалардагы тибет жазуулар түрүндө сакталган Будда эстеликтери эл арасына кеңири белгилүү. Тамга капчыгайында бири-биринен бир чакырымча аралыкта жайгашкан төрт таштагы жазуулар алардын ичинен эң маанилүүсү болуп саналат.


Ысык-Көлдүн түбү чоң табышмак боюнча калууда. Ысык-Көл суусунун алдында байыркы урандылар бар экендиги Көпчүлүккө кеңири маалым. Келечекте көгүлтүр берметибиздин түпкүрүн изилдеген Кусто чыгаарына ишеним чоң.


Каталан картасы катары кеңири белгилүү болгон картада Ысык-Көлдүн түндүк чыгыш жээгинде крест салынган храм түрүндөгү белги коюлган, анын жанында түшүндүрмө текст жазылган: “Апостол Матвейдин кудурети сакталган деп айтылган армян бир туугандардын монастыры”. Азырынча урандылырды изилдөө иштери эч натыйжа бере элек. Балким, биздин окумуштуулар байыркы жашоочулардын изин таап алышы эч ажеп эмес. Көптөгөн чет элдик компаниялар жана жеке адамдар буга абдан кызыгып, изилдөө иштерин, казууларды жүргүзүүгө даярдыгын билдирүүдө. Бул эстеликти издөө иши археологиялык туризмди өнүктүрүүнүн кубаттуу кыймылдаткычы болушу толук ыктымал.


Ички Тянь-Шань  - Кыргызстандын эң бийик тоолуу аймагы. Бул аймактын дээрлик баардык территориясы деңиз деңгээлинен 1 500 м бийиктикте жайгашкан, ал эми тоо кыркалары чыгыштан батышты карай таралат. Бул жерде 500 көл жайгашкан, алардын эң ирилери Соң-Көл менен Чатыр-Көл. Ички Тянь-Шандын территориясы ыңгайлуу авто жолдорго бириктирилген, ошондуктан ал Көп функционалдуу туризмге сунуш кылынат. Бул жерде 14 туристтик аймак бөлүнүп турат. Спорт, суу, тоо-окуялуу жана аңчылык туризми үчүн шарттар бар. Акыркы кезде бул жерлерде жайлоо туризми өнүгүүдө.


Катаал климатына жана тоолуу келгендигине карабастан ички Тань-Шандын аймагын байыркы замандан бери эле калк байырлап келген. Бул жерлерде Көп кылым мурда эл жашагандыгын таш мололор, таш жазуулар, күмбөздөр ачык айкын күбөлөп турат. Фергана өрөөнү менен Тянь-Шань аркылуу өткөн кербен жолдорунда көчмөндөрдүн  журттарынын, хан ордолорунун, аскердик соода факторийлеринин негизинде пайда болгон чыңдалган шаарчалар (Кошой коргон) – орто кылымдын тарыхий-маданий эстеликтери кеңири коюлган.


Өтө татаал, бирок ажайып кооз капчыгайдын ичине  салынган монументалдуу таш курулушу – Таш Рабат (Х-ХII к.) бул региондогу эң кеңири белгилүү туристик объект болуп саналат. Анын тегерегинде Көптөгөн уламыштар айтылып келет.  Ал уламыштардын биринде Таш-Рабат айрым изилдөөчүлөр христиан деп эсептеген Рум (Византия) өкүлдөрүнүн общинасы тарабынан салынган. Бирок Көпчүлүк изилдөөчүлөр Таш-Рабатты Жибек Жолунун бир бутагын тейлеген кербен сарайы катары эсептешет.


Талас аймагына тереңдиги чакырымга жеткен жарлар, буркандаган суу агымын пайда кылган укмуштудай кооз көлдөрдүн тизмеги туристтер менен экскурсанттардын зор кызыгуусун пайда кылат. 1995 жылы айтылуу Кең-Кол күмбөзү (б. э. I миң жылдыгынын башталышы) жана Манас күмбөз мавзолеи (ХIV кылым) жайгашкан Талас суусунун жогору жагында  2002 жылы улуттук деген статус алган “Манас Ордо” тарыхий-маданий комплекси түзүлгөн.


Белгилүү болгондой, Талас өрөөнүндө 751 жылы кытай менен араб аскерлеринин ортосунда Орто Азиянын, айрыкча анын түндүк райондорунун тагдырын аныктаган салгылашуу өткөрүлгөн.


Ош аймагы тарыхка кызыккан саякатчылар үчүн өзгөчө кызыгууну туудурат. Көп кылымдардын аралыгында Кыргызстандын бул аймагы далай далай тарыхий окуяларды баштан кечирди. Бул жерлерде Көптөгөн айтылуу тарыхий-маданий эстеликтер жайгашкан: петроглифтери жана сыйынуучу жайлары бар Сулайман тоосу, Асаф ибн Бурхия мавзолеи, Сафит Булен, өзгөндөгү минарет жана мавзолей, ошондой эле керамика, курал, эмгек куралдары, шуру-мончоктор, турмуш-тиричилик буюмдары табылган байыркы шаарчалар менен күмбөздөр.


Ош аймагында көрүүчүлөр үчүн кол жетер жерлерде жайгашкан кызыктуу үңкүрлөр менен жарлар бар: Чил Устун үңкүрү, Араван Данги жары, Абшир - Сай шаркыратмасы, Сүрөт Таш жана Ноокат аска жазуулары, Ажыдаар үңкүр жана Барит үңкүрлөрү.


Байыркы Ош шаары өзгөчө кызыктуу. Көп жылдар бою аны улуу моголдор династиясынын негиздөөчүсү, айтылуу аскер башчысы Бабур башкарып турган. Сулайман тоосунун кыркаларынын биринде архивдик булактардын негизинде түзүлгөн “Бабурдун үйү” турат.

Уламыштар боюнча Султан Бабур кол алдындагы адамдары хандайча иштеп жаткандыгына жогортон туруп көз салып, ой жүгүртүүнү жакшы көрчү экен. “Аялдарды сыноочу ичке кыя” жол мына ушу жакка алып келет. Уламыштардын айтымында бул ичке кыядан дили таза эмес  бир дагы аял өтө албай, күйөөсүнүн шектенүүсүн ырастап, жардан ылдый учуп кетип турган.


Акыркы    тарыхий-маданий мурас обьекттеринин изилдөөсүнөн туристтер үчүн  шаардын алкагында  жайгашкан   арабдарга чейинки Оштун урандылары ( Ак-Буура шаарчасы) өзгөчө   кызыгууну  туудурат.


Кыргыз эл оозеки чыгармачылыгы, кайталангыс ырлар жана уламыштар, эпостор өзгөчө кызык,   эпостор менен ырлардын аткаруучулары –  төкмө - акындар тарыхта өзгөчө орун ээлейт.  Декоративдүү кол өнөрчүлүгүнүн элдик уздары кийизден  оймо-чиймелүү  шырдак жана үй - тиричилик буюмдарын жасашат, териден   жана  кымбат баалуу  металлдан оймо-чиймелер менен жарым асыл таштар менен кооздолгон азем буюмдарын,  чий менен кармалган  буюмдар, укмуштуудай керамика буюмдары,  жыгачты оюп жасоонун татаал  өнөрү жана  оймо-чийме менен токуу өнөрү таң калтырат.


Дүйнөдөгү маданияттын бардыгына  тең  уламыштар жана  баяндар мүнөздүү. Кыргыз элинин  кара сөздөн тышкары ыр баяндары дагы бар, аларды  элдик ырчы  акындар  комуздун коштоосу менен  аткарат.


Уламыштар


Ысык-Көл тууралуу баян

1. Бир кезде   азыркы Ысык-Көлдүн ордунда ажайып шаар турган экен. Күндөрдүн биринде ал шаарда жашаган кыздар тоого отун тергени барышат, алар отун терип жүргөн маалда катуу жер титирөө жүрөт.  Шаар жайгашкан кокту сууга толуп, тургундардын баары набыт болот. Кыздар кайра келгенде шаардын ордунда чалкайган көл турат. Алар катуу кайгыргандыктан күнүгө көлгө келип, өздөрүнүн тууган-туушкандарынын тагдыры туураалуу өксүп ыйлашат. Алардын туздуу көз жашынан улам  көл туздуу жана ачуу болуп калган экен. Ошол себептүү ал эч качан кышкысын тоңбойт. Бул баян көлдүн аталышында чагылдырылган. Ысык- көз жашындай ысык –көл.
  

2. Качандыр бир мезгилде ажайып шаар болуп, аны айбаттуу хан башкарган экен. Күндөрдүн биринде хан дарыянын жээгинен айдай сулуу кызды көрөт. Хан ал кызды аялдыкка алгысы келет. Кыз ханды жактырбастан ага каршы чыгат. Ал шаар тургундарын аны коргоого чакырат, бирок бечара кыздын тагдыры эч кимди тынчсыздандырбайт. Хан кызды аялы болууга макулдугун бермейинче шаардагы эң бийик мунарага камап салат. Кыз көз жашын көлдөтүп, тагдыры тууралуу теңирден жардам сурап жалбарат. Анын өтүнүчү теңирдин кулагына жетет. Шаар аркылуу өтүп жаткан дарыя ашып-ташып, шаарды каптайт. Дарыя бүт шаарды каптап, кыз дагы, хан дагы, шаардын кайдыгер жашоочулары дагы суу алдында калат. Ошондон бери көл туздуу жана өзгөрмөлүү. Ал бирде каза тапкан кыз кебетеленип тынч жана назик тартса, бирде казатты эске салгансып, айбатуу жана коркунучтуу, бирде кайдыгер мелмилдеп турат.


3. Искендер хан.
Байыркы бир заманда азыркы  Ысык-Көлдүн ордунда чоң шаар болгон экен. Шаарды каардуу Искендер хан башкарыптыр. Хандын бир терең сыры бар экен: анын эки мүйүзү бар эле.  Ал сырын сакташ үчүн  чачын жана сакал-мурутун алган  ар бир чачтарачтын башын алып салчу. Хандын чачын алуу кезеги  картаң кедей жесир аялдын баласына келет. Баласы  кандай ишке бара жаткандыгын билип, кемпир аны өлүмдөн куткарууга аракеттенет: өзүнүн сүтүнө үч токоч бышырып, ханга ооз тийгиз деп кеңеш берет. Ханга келип, жаш улан апасынын сөзү менен  биринчи токочун жерге түшүрүп жиберет, анан экинчисин, акырында  үчүнчүсүн жерге түшүргөндө хан нанды алып жеп көрөт. Ал аябагандай даамдуу болуп чыгат. Бул нан эмнеден жасалган, деп суроо узатат хан.  Ошентип кедей улан менен хан эмчектеш бир тууган болуп калат. Уландан  бул сырды эч кимге айтпайм дедиртип  ант алып, хан аны  үйүнө жиберет.


Арадан үч күн өткөн соң улан кайрадан ханга келет. Анткени анын ичи көөп, хандын жашыруун сырын кимдир бирөөгө айткысы келиптир. Хан шаардын чок ортосундагы чоң кудуктун капкагын ачтырып, ошол кудукка  “Биздин Искендер хан эки мүйүздүү”,-деп кыйкыр деген буйрук берет. Улан үчүнчү ирет кыйкырып бүтө электе эле кудуктан суу ашып-ташып, шаарды каптап, көл пайда болот. Ошол - азыркы  Ысык-Көл.


4. Чолпон жана эки баатыр.
Бул окуя кыргыздар бир уруу болуп  бийик тоонун этегинде жашаган мезгилде болгон экен. Ошол урууда  көзү асмандан дагы таза жана жылдыздан дагы тунук мөлтүлдөгөн жаш сулуу Чолпон аттуу кыз жашаптыр. Чолпонду  ага өмүрүн курмандыкка чалууга даяр, эр десең эр, шер десең шер Улан жана Санташ деген эки эр жүрөк жигит сүйүп калат. Кимисин тандап алаарын билбей Чолпондун  башы катат. Эки жигит бири бири менен таймаш баштайт: кийимдерин жулкушуп, бири бирин жарадар кылышат. Кан суудай агат. Бирок,  жигиттер бири экинчисин  жеңе албайт. Ошондо жигиттердин туугандары  дагы таймашка кирет. Кан  дайрадай агат. Чолпон эмне кылаарын билбейт. Эки жигиттин тең дагы көңүлүн калтыргысы келбейт. Мына ошонда ал айласы кетип, көкүрөгүндөгү жүрөгүн сууруп алып, мүрт кулайт. Ошентип, ал бийик тоодо жүзүн күн чыгышты каратып жатат. Ошол жер анын урматына Чолпон-Ата деп аталып калган тура.

Эл жакшы көргөн кызын жоктоп узакка мөгдөдү. Ысык жаш булактап акты. Ошол ысык жаш сай-сайлап тоо арасын толтуруп, көл жаратты. Ошол көлдү  Ысык-Көл деп аташкан экен.
Баатырлар бир азга кармашын токтотот. Ал эми уруулар күңгөй жана тескей болуп экиге ажырайт.  Алар көлдүн түндүк жана түштүгүнө  жайгашат.

Баатырлар азыркыга чейин Чолпон сулууну унута албайт имиш. Жолуккан сайын бири бирине чагылгандай тийишет, улуп, уңшуп, көл бетине катуу толкун жаратат. Ал Санташ менен Улан баатырлар бири бирин көздөй качырып келе жаткандагысы.  Батыштан жана Чыгыштан соккон бул улуу шамалдар бирин бири оодара  калбай, эси оогончо кагылышат. Улам тынчып, күч топтоп, кайрадан таймашууга киришип, алардын кылымдарга созулган таймашы токтобой келет.


5. Жараланган жүрөк.
Илгери өткөн заманда  каардуу картаң хан жашаган экен. Байлыгы ашып-ташып, катындары Көп болуптур. Күндөрдүн биринде хан аңчылык кылып жүрүп  маралдай керилип баскан, көздөрү айдай тептегерек, чачы узун жаш сулууну кездештирет.  Хан ал кызды аялдыкка алгысы келет. Кыз кедей үй-бүлөдөн чыгып, бала кезинде эле жакшы көргөн уланга кудалашып койгон болот.  Алар хандын ниетин билээр замат качып кетиш  үчүн сапарга аттанат. Бирок, хан качкындарды кууп жетүүгө буйрук берет. Тоо арасынан куугунчулар  качкындарга жетет. Жан жөкөрлөр  уланды өлтүрүп, кызды күчкө салып алып кетишет.  Кыз сүйгөнүнөн, жакындарынан  ажыраганына түтпөй, жүрөгү жараланып, жолдо ката каза тааптыр. Көп узабай дал ошол жерде жараланган жүрөккө окшош тоо пайда болгон экен.


6. Кырк кыз (Кырк кыз ашуусу тууралуу).
Бул окуя Көп ашуулардын биринде  болгон дешет. Кийин ал ашууну кырк кыздын урматына  кырк кыз деп атап коюшкан экен.
Байыркы бир заманда чырайы айдай сулуу кырк кыз ошол ашууга гүл тергени барышкан экен. Бирок ашуу бийик, жолу татаал, ашуунун чокусунда  бороон улуп, кар аралаш  булут каптап тураар эле. үшүп калбайлы, адашып кетпейли деп кыздар  бир жерге чогулуп, уктап калышыптыр.  Аларды кар каптап калыптыр. Кийинки жазда ошол жерде эч нерсени таппай калышкан экен. Ошондон бери  чалдар  кыбыланы карап ашууга чыкканда  кырларда кыздардын элесине окшошуп кар тозоңу ойнойт. Жер алдынан каза тапкан кыздардын онтогонуна окшогон  үндөр угулгансыйт. Жаш жигит кырга чыкканда  бардыгы тынчып, мемиреген тынчтыкта жаш уланды ошол кырк кыз туурасында таттуу кыял арбагансыйт.


7. Кан жалаган жети жар.
 Бул окуя  тээ байыркы заманда болгон экен.  Бир бай жашаптыр. Анын жети уулу болуптур. Убакыт өтүп бай карып, балдары эрезеге жете баштады. Карыганда бай байлыгын балдарына бөлүп берүүнү чечет.  Сан жетпеген үйүр-үйүр малын бөлүп жатканда жети музоосу жоголуп кетет. Узакка издеп, бирок музоолорду табышпайт. Көп узабай бай көз жумат. Уулдары өз-өзүнчө жашай баштайт. Көп узабай музоолор табылып калат. Музоолор чоң букага айланып калган экен. Аны көргөн бир туугандардын көзү  өтөт. Ар бири чоңураагын алгысы келет. Бири дагы экинчисине жол бергиси келбейт. Аңгыча ортолорунда талаш башталып, чырга айланып, кан төгүлдү.  Муну акылман бир абышка  көрүп, бир туугандар бири бирин майып кылып койбосун деп, жети буканы жети чоң аскага айландырып салган дешет. Ошол жети аска Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан. Аны Жети-Өгүз деп аташат.


8. Бурана.
Күндөрдүн биринде Байтык хан Токмокту каратып алууну чечет. Шаардан анча алыс эмес  капчыгайдын ичине кызын жан-жөкөрлөрү менен калтырып, өзү аскери менен шаарга бет алат.

Хан шаардыктарды катаал жазалап, чалдарды дагы, катын-калачтарды дагы, ал тургай балдарды дагы өлтүртүп салган экен. Жалгыз гана бир кемпир эптеп кара башын аман алып калыптыр. Ал кемпир ханга келип мындай кеп салат: сен бардыгын өлтүрдүң, балдарымдын бардыгын тең өлтүрдүң. Бирок эсиңде болсун, сен жаныңдай көргөн жалгыз кызыңды кара курт чагып өлтүрөт. Ачуусу келген хан кемпирдин башын кыйдырып, тез арада мунара салууга буйрук берет. Мунаранын эң чокусунда эки  малайы менен кызын жайгаштырат, алар бийик жерде салынган  эшиктен тамактарды алып турушчу. Аттын ээр токумуна чыгып гана ал эшикке жетсе болмок. Күндөрдүн биринде малайлар хандын кызына жүзүм салынган идиш берип жиберишет. Жүзүмдүн арасында кара курт бар экендигин эч ким байкабай калган экен. Хандын кызы жүзүм алып жейин деп колун сунуп, кыйкырган боюнча жыгылып калат. Көп узабай жан берет. Ошондон бери Токмоктун жанында заңгыраган мунара турат.

Hosted by uCoz