Элдик оозеки көркөм чыгармаларда макал, ылакаптар негизги орунда турат. Макалдарда ошол элдин
тарыхы, турмушу, салт-санаасы, үрп-адаты кыскасы бүткүл өмүрү
чагылдырылган. Бир эле макал кандайдыр бир чоң окуянын маани – маңызын бере алат.
Макал ылакаптарды белгилүү кыргыз акын жазуучулары да өз чыгармаларында кенен колдонуп,
аларга жогорку бааларын беришкен. Эл акындары алдыңкы орунга макалдардын дидактикалык маанисин коюуп,
алардын таалим – тарбия берүүчү жактарын өз чыгармаларында даңазалап ырдашкан. Макал,
ылакаптын пайда болушу ар бир элдин жашоо шартына, турмушуна, тарыхий доордун өзгөчөлүктөрүнө
байланыштуу болот. Макал, ылакаптар жалпысынан бир нече булактардан пайда болот. Мисалы, адамдардын күндөлүк өтүп
жаткан турмушунун баардык чөйрөсү менен байланышкан. Мисалы: байлык, жардылык, өлүм, мекен, кесип, үй-бүлө,
марал, дыйканчылык, соодаргерчилик, дин жөнүндө жана башкалар.
Экинчи булак болуп элдин оозеки чыгармалардын түрдүү жанрлары, жазма адабият: тактап айтканда,
анекдоттор, жөө жомоктор, эпостук чыгармалар, табышмактар, легенда, мифтер, кошоктор, акын-жазуучулардын
чыгармалары, бир тууган элдердин макал, ылакаптары болуп саналат. Ар бир элдин макал, ылакаптары - формасы жана мазмуну
жагынан окшош болгон учурлары көп кезигет. Аларды кескин түрдө, бул элден же тигил элден кирген деп айтуу
кыйын. Анткени макал, ылакаптардын чыгышына ошол элдин турмушу негизги ролду ойной турганын башта айтып өткөн
элек. Ошондуктан адардардын ар түрдүү
улуттан экенине карабастан турмуштук тажрыйбарларында жалпылыктар болот, башкача айтканда адамдардын
турмушка карата көз караштарынын жалпылыгы бир мезгилде же ар түрдүү мезгилде бирдей
эле мазмундагы макал, ылакаптардын жаралышына түрткү болот. Экинчи жагынан алганда бир элден чыккан
макал, ылакаптар ар түрдүү соода, маданий байланыштар аркылуу экинчи элдин фалңклоруна кирип,
эки элде тең айтылып калышы ыктымал. Демек, макал, ылакаптардын чыккан булактарын текшере келгенде алар бирдей эле
булактардан баый турганы жана өтө окшош формада, мазмунда экени байкалат.
Макал – деп, коомдук турмуштун баардык жагын кучагына алуучу, адамдардын турмуштук тажрыйбаларынан алынган жана
алардын дүйнөгө карата көз караштарын билдирип турган, тарбиялык мааниси терең, курч
сөздүү, өзүнчө рифма менен ритмге ээ болгон, ойду бүтүрө
айткан кыска, поэтикалык сүйлөмдөрдү айтабыз.
Ылакап – деп, кандайдыр бир окуянын негизинде же адамдардын жүрүм- турмунун,
мүнөзүнүн өзгөчөлүгүн жыйынтыктап, так, элестүү
кылып берилген, өзүнчө чечилүүчү тарыхы бар, көбүнчө кайнама
мааниде айтылып, контекстке карата мааниси чечилүүчү кыска, образдуу сүйлөмдөрдү айтабыз.
Окурмандарга сунуш кылынып жаткан бул бетте, биз макалдарды негизинен төрт чоң топко бөлүп берүүнү
туура көрдүк. Алар, төмөндөгүдөй болуп бөлүндү. Адамзат, кишилердин тууганчылыгы,
алардын оң – терс сапаттары, эмгек, жаратылыш жана Ата - Мекен жөнүндө айтылган макалдар.