<=Баштапкы барак.
<=Артка кайтуу.
Кыргыз Республикасынын гимни

Сөзү: Ж. Садыков менен Ш. Кулуевдики
Музыкасы: Н. Давлесов менен К. Молдобасановдуку


Ак мөңгүлүү аска зоолор, талаалар
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Алатоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата бабалар.

Кайырмасы:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырын колунда.

Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширентип,
Бейкуттукту берет кыргыз жерине.

Кайырмасы:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырын колунда.

Аткарылып элдин үмүт, тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата салтын, мурасын
Ыйык сактап урпактарга берели.

Кайырмасы:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырын колунда.
Hosted by uCoz